Бишкек шаардык мэриясы ИИМдин Кайгуул кызматы менен биргеликте аймактарга каттаган такси кызматтарына карата «Унаа токтотуучу жай» рейдин өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Батыш автобекети Аккула ат майданынын жанындагы жерге убактылуу көчүрүлгөн. Рейддин жүрүшүндө «Жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы менен Кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте 39 унаа эвакуацияланды.
«Ошол эле учурда аймактарга каттаган таксилер жүргүнчүлөрдү шаар ичинен алып кетишүүдө. Демек, аларга карата унааны техникалык кароодон өткөрүү жана айдоочуларды текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул жүргүнчүлөр үчүн кооптуу. Андыктан аймакка каттаган жүргүнчүлөрдү автобекеттерден таксиге отурууларын сунуштайбыз»,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эски Батыш автобекетинин жанындагы жана Ош базарынын жанындагы Кулиева, Пушкин, Бобулова, Ростовская, Рыскулов жана башка көчөлөрдөгү пункттар текшерилди.