"Эркин-Тоо"

Аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы унаалар тапшырылды

Ички иштер министрлиги тарабынан аймактык бөлүмдөргө 30 жаңы автоунаа тапшырылды. Унааларды тапшыруу аземи ИИМдин борбордук аппаратынын имаратынын алдында өттү.

Иш-чарага ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.