"Эркин-Тоо"

Айназиктен акчаңарды аябоого чакырабыз

Береги сүрөттөгү Айназик Тезекбаеванын сүрөтүн көрдүңөрбү? 13 жаштагы секелек кыз ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, ДЦПнын оор түрү менен жабыркайт. Баса алмак тургай, отура да, тамак да жей албайт. Айназик атасынан төрөлгөндө эле ажырап калган. Атасыз калган 3 баланы энеси Гүлжан Сопакунова өзү бакканы менен барган сайын батир акысы, дары-дармек, тамак-аш, күнүмдүк керектөөлөр жалгыз бой айымга оорчулук келтирүүдө. Айназиктин ден-соолугу үчүн колунан келгенин жасоого даяр Гүлжан айым кызы куру дегенде өзү отуруп калса деп Кудайдан тилегени тилеген. Ал үчүн секелек кызга Түркиядан операция керек болууда. Гүлжан Сопакунова 3 баланы үйдө энесине каратып, эртеден кечке иштегени менен тапканы эчтекеге жетпейт. Мындай шартта жалпы элибизден колдоо күтөт. Урматтуу улуу-кичүү калайык, колдон келишинче Айназикке колдоо кылып, куру дегенде Кудайдан шыпаа сурап дуба кылалы. Кыргыз тагдырдын сыноосу башына түшкөн пендесин четте карап турбай, жабыла көтөргөн жүктүн жеңил болоорун далай ирет далилдеп келген эл. Андыктан секелек кызга каржылык жактан колдоо кылчулар апасы Гүлжан Сопакунованын төмөндөгү М-Банк жана О-Деньги электрондук номерине аз-көп дебестен колуңардан келишинче, мүмкүнчүлүгүңөрдүн жетишинче колдоп коюшуңарды өтүнөбүз!

М-Банк номер: 996 509 16 – 27 – 93.

О – Деньги: 0 509 16 – 27 – 93.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!