Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын медаль багындырды.
Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, 7:4 эсебинде жеңди.
Аталган мелдеште кыргыз балбаны 76 кг салмак ченинде катышып, алгачкы атаандашы кытайлык Хуан Ванды 2:1 эсебинде жеңип, 4/1 финалга чыккан.
Андан соң вьетнамдык спортчу Тхи Линь Дангды, 8:0 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган.
Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны тайвандык спортчу Чан Хуэй-Цзыны 8:0 эсебинде жеңген.
Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.