"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Айпери Медет кызынын ийгилиги

Балбан Айпери Медет кызы күрөштүн биргелешкен дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 2024-жылы биринчи орунга чыкты. Айпери быйылкы жылы төрт ири турнирге катышкан, анын ичинен 3дө жеңишке жеткен. Натыйжада жыйынтыктоочу көрсөткүчтө ал 46 миң упайга ээ болуп, биринчи орунду ээлеген. Ал эми Айсулуу Тыныбекова 62 килолук салмакта үчүнчү орунду ээлесе, Мээрим Жуманазарова 68 килолук салмакта бешинчи орунга чыккан.