Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) жарыялаган жаңыланган рейтингде кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмак категориясында 1-орунга чыкты.
Бул жетишкендик Венгриянын Будапешт шаарында 17–20-июль күндөрү өткөн Polyák Imre & Varga János Memorial эл аралык мелдештин жыйынтыгынан кийин расмий жарыяланды. Аталган турнирде кыргыз балбаны коло байгеге ээ болгон.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына ылайык, Айпери Медет кызы быйыл үч чоң мелдешке катышып, баарынан байге менен кайткан. Бул туруктуу ийгиликтер анын рейтингде биринчи сапка көтөрүлүшүнө өбөлгө болду.


