Айпери Медет кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Спортчу 76 кг салмак категориясында күрөшүп, алгачкы беттештеринде казакстандык Эльмира Сыздыкованы 10:0, түрк балбаны Эльмира Ясминди 5:0 эсеби менен жеңди.
Ал эми финалдык чечүүчү беттеште нигериялык Дамола Ожону 11:1 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль тагынып, жеңүүчү болду.

