Үстүбүздөгү жылдын 26-27-март күндөрү эртең менен жана түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлап, арыктарды, суу түтүктөрүн тазалоону сунуштады.