"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

Айрым партиялардын кайрылууларына байланыштуу добуштарды кайра саноо иштери жүрөт

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын жыйынында айрым участоктордо добуштарды кайра саноо иштери жүрө тургандыгын билдирген. Төрайымдын билдиргенине караганда добуш саноо чечими айрым партиялардын кайрылууларынан кийин кабыл алынган.
Алсак,
№4 Көк-Жар округунда — «Бүтүн Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Альянс» партиялары боюнча
№5 Ноокат шайлоо округунда — «Бүтүн Кыргызстан» партиясы
№6 Араван шайлоо округунда — “Альянс” жана “Эл үмүтү” партиялары
№7 Ош округу боюнча — «Ата-Мекен», «Альянс» жана «Эл үмүтү» партиялары
№8 Төлөйкөн округу боюнча — «Ата-Мекен» жана «Эл үмүтү» партиялары
№13 Сузак округу — «Эл үмүтү» партиясы
№14 Жалал-Абад округу боюнча — «Эл үмүтү» партиясынын кайрылуусу боюнча кайра саноо жүргүзүлөт.
Ал эми Ала-Бука районунун №18 округунда бир гана тараптын кайрылуусу болгон. Башка шайлоо участкаларында бузулган бюллетендер боюнча гана арыздар кайра саноодо кабыл алынары белгилүү болду.
№20 Манас району боюнча – “Альянс жана “Социал-демократтар” партияларынын кайрылууларынын негизинде
№21 Талас шайлоо округу боюнча — Социал-демократтар партиясынын талабы боюнча.
№ 32 Кочкор шайлоо округу боюнча — Ынтымак партиясынын талабы боюнча
№26 Ысык-Көл району – «Альянс» жана «Ынтымак» партияларынан талабы боюнча.
№30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча эсептөөлөр боюнча «Альянс» партиясынын кайрылуусунун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча кайрадан жыйынтыктар эсептелет.