"Эркин-Тоо"

Айрым унаа жолдорго чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, төмөнкү унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилген:

— Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымдан тартып, 130-чакырымы;
— Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейин жол жабык;
— Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 45-чакырымынан тартып, 60-чакырымына чейин жол жабык;
— Түп – Кеген унаа жолунун 39-чакырымынын тартып 76-чакырымына чейинки аралыгы.

ЖКККББ айдоочулардан жогорудагы унаа жолдорго киргизилген чектөөлөрдү эске алып, коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!