Кыргыздын айжаркын кызы Айсулуу Тыныбекова Астанада өткөн Азия чемпионатында жеңишке жетишип, Азиянын 5 жолку чемпиону болду. “Өткөн жыл мен үчүн жеңил болгон жок. Андыктан, бул чемпионат да мага чоң сыноо эле. Адамдар жетишкендиктерди, марада турган учурларды көрүшөт. Анын артында көп эмгек, оор күндөр бар. Биринчиден, өзүмдү “Азаматмын!” деп мактагым келет — деди балбан кыз. Азия чемпионатында азыркынын атактуу балбандары Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков да алтын медалды моюнга илишти.

