"Эркин-Тоо"

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.

Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн.

Финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, алтын медалга татыды. Айсулуу Тыныбекова буга чейин дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алдыдагы Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!