"Эркин-Тоо"

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Олимпиадага барат

Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирди. Бул тууралуу ал УТРК спорт – Кыргызстан каналындагы маегинде айтты.

“Спорттук карьерамда бир эле медал – Олимпиаданын алтыны гана жок. Калган байгенин баары бар. Ар бир спортчунун Олимпиададан жеңиш менен кайтуу кыялы бар. Чемпион болгондогу сезим башка. Аны эч нерсе менен салыштыра албайсың. Сен кайра-кайра ошол жеңишти сезиш үчүн кайра күрөшкүң келет”, – деди ал.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!