"Эркин-Тоо"
Новости дня

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 4-октябрда 62 килограмм салмакта жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде жеңишке жетти.

Айсулуу Тыныбекова бул Дүйнө чемпионатында жарым финалга чейин эки беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда жапониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде, чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы 6:6 эсебинде жеңип алган. Эми 5-октябрда алтын байге үчүн АКШ өкүлү Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло медалдарын уткан. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону.

Булак: Азаттык