Кыргызстандын атынан Токио-2020 Олимпиадасына катышып, күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына катышабы же жокпу азарынча белгисиз. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. тосуп алуу аземинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“Мен , Олимпиадага алтын медаль алам деп баргам. Бирок буйрук экен экинчи орунду алып отурам. Кийинки Олимпиада оюндарына катышуу жөнүндө мелдеш бүткөндөн кийин жеке машыктыруучум, жалпы команда менен отуруп сүйлөшүп, кандайдыр бир чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Жалпы команда менен чогулуп сүйлөшүп жыйынтык чыккан соң, албетте мен жалпы кыргызстандыктар менен бөлүшөм”, — деди Айсулуу Тыныбекова.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин экинчи орунду багындырып, күмүш медалын тагынды. Ал эми Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болсо