Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

Тыныбекова Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмактык категориясында 1/16 финалынан тарта катышып, эки атаандашын жеңип, жеңишке жетти.

Ал эми Мээрим Жуманазарова биринчи атаандашы болгон перулук спортчуну 10:0 эсебинде утуп, андан соң украиналык балбан кыз менен кез келди. Спортчу атаандашын 5:2 эсебинде артка калтырып, чейрек финалга чыкты. Жуманазарова 68 кг чейинки салмактык категорияда катышууда.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүүдө.