"Эркин-Тоо"

Айсулуу Тыныбековага “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова «Нарын районунун Ардактуу атуулу» болду. Спортчуга наамды районун акими Нуридин Мадимаров тапшырды. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Айсулуу Тыныбекованын жаштарды билим алууга, ийгиликке жетүүгө, сергек жашоого шыктандыруу максатындагы иш сапары Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаштар менен жолугушуудан башталды.

Жолугушуу учурунда Алтынбек Эргешов Айсулуу Тыныбековага Нарын облусунун элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, “Нарын даңкы” сыйлыгын тапшырды.

Спортчу Кыргызстанда төрөлгөнүнө жана ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк тапканына бактылуу экендигин билдирип, жаштарды билим алууга, чоң максаттарды коюп, ошол багыт менен эч нерсеге карабай тынбай аракеттенүүгө чакырды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!