Бишкекте Айт намаз учурунда 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Майрамдык намаз 10-апрелде борбор калаадагы мечиттерде окулат. Буга байланыштуу Жумабек көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
«Текшерүүнү жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлеринин талабына түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз, көрүлгөн чаралар жарандардын коноктордун коопсуздугун камсыздоого гана багытталган», — деп айтылат маалыматта.
Айдоочулар өз каттамдарын алдын ала пландап, унаа агымын үзгүлтүккө учуратпай же чектебей ылайыктуу унаа токтотуучу жайларды тандап алышы керек.