Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Айтил” платформасы мамлекеттик тилди санариптештирүүдө чоң мааниге ээ экенин билдирди.
Анын айтымында, бул платформа 2020-жылдан бери Улуттук тил комиссиясы тарабынан жасалма интеллекттин негизинде иштелип чыккан мамлекеттик тилге байланыштуу бир нече продукцияларды бириктирген улуттук долбоор болуп эсептелет.
«Бүгүнкү күндө технологиялар абдан тез өнүгүп жатат. Биз да жасалма интеллект тармагында артта калбашыбыз керек. “Айтил” платформасы жарандар менен мамлекеттик кызматкерлер үчүн чоң жеңилдиктерди берет, анткени учурда интернет мейкиндигинде мамлекеттик тилдеги мазмун аз», — деди Мураталиев.
Ошондой эле ал платформанын негизги модулдары азырынча иштелип чыкканын, бирок аны толук кандуу иштетүү үчүн эки маанилүү маселени чечүү керектигин белгиледи.
«Биринчиси – техникалык база. Азыркы колдонулуп жаткан суперкомпьютерлердин кубаттуулугу жетишсиз. Алар 5 жыл мурда алынган жана азыркы ылдам өнүгүп жаткан технологияга жооп бербейт. Бирок мамлекет бул маселени чечүүгө көмөктөшүүдө. Экинчи маселе — мамлекеттик тилдин улуттук корпусу толук иштелип чыгышы керек. Эгер жыл соңуна чейин бул иш бүтсө, платформа жасалма интеллектке окутулуп, толук кандуу жана кынтыксыз иштейт», — деп кошумчалады Мелис Мураталиев.

