"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Айтматов атындагы орус драма театры 53 жылдан соң жаңыланды

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры 53 жылдан кийин толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, көрүүчүлөргө өз эшигин ачты.

Жаңылоо иштеринин жүрүшүндө имараттын инженердик системалары толук модернизацияланып, чоң жана кичи залдар, фойе, вестибюль, административдик жайлар толук оңдолду. Театрдын отургучтары, витраждары, терезе блоктору жана чатыры жаңыртылды.

Оңдоп-түзөөгө жалпысынан 320 млн сом жумшалды.