2026-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана аялдама комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда.
Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, 1-январдан тартып майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ишке ашырылууда.

