"Эркин-Тоо"

“Айтматов жана театр” эл аралык фестивалы жыйынтыкталды

Бишкекте өтүп жаткан “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалы жыйынтыкталып, калыстардын чечими менен 14 спектаклдин ичинен үчөө баш байгени утту. Азербайжан Мамбетов атындагы Казакстан мамлекеттик драма жана комедия театры “Бороондуу бекет” спектакли менен фестивалдын башкы сыйлыгын жеңсе, Казакстандын Астана шаарынын «Жаштар » театры “Жан пида” спектакли, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры “Ак кеме” спектакли менен баш байгеге татыды. Х.Намсараева атындагы Бурятия мамлекеттик академиялык театры койгон “Би-Толгонай» спектакли мыкты моноспектакль деп табылды.

“Аялзатынын эң мыкты ролу номинациясы” Өзбекстандын улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Малика Иброхимовага Толгонайдын образы үчүн, “Эркектин эң мыкты ролу” номинациясы А. Мамбетов атындагы Казакстан мамлекеттик драма театрынын актёру Нартай Сауданбек уулуна Эдигейдин образы үчүн ыйгарылды. Ал эми “Экинчи пландагы аялзатынын мыкты ролу” номинациясын М. Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театрынын актрисасы Жанаргүл Жанаманова, “Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу” номинациясын Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Жеңиш Сманов жеңди.

Мындан сырткары Муратбек Рыскулов атындагы Нарын академиялык драма театры “Эң мыкты актёрдук ансамбль”, Азербайжан мамлекеттик театры “Эң мыкты пластикалык интерпретация” деп табылса, Муса Жангазиев атындагы куурчак театры калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыды. “Фестивалдын ачылышы” номинациясы К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын актрисасы Айшоола Тажыбековага “Ак кемедеги” баланын ролу үчүн берилди.

Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы орус улуттук драма театры “Айтматовдун прозасын оригиналдуу сахналаштырды” деп табылса, Фестивалды уюштуруучулардын сыйлыгы Түркмөнстандын мамлекеттик театрына “Ак кеме спектакли үчүн” берилди.

Калыстар тобунун курамына Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Сания Кабдиева, орусиялык театр сынчысы Айсылу Сагитова, Түркмөнстандын эл артисти Гулялек Мухамметоразова жана театр сынчысы Болотбек Жунушов кирген.

7- декабрда башталган фестивалга Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжандан келген театрлар катышып, көрөрмандарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулашты. Спектаклдер борбордогу театрларда акысыз көрсөтүлдү.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!