Урматтуу кардарлар, коллегалар жана өнөктөштөр!
2023-жыл аяктап, жылдын жыйынтыктарын чыгаруу учуру келди. Бул жылы биз мыкты жыйынтыктарга жетише алдык. Кыйынчылыктарга карабастан алдыга коюлган максаттарга жетип, баардык ойлогон пландарыбызды ишке ашыра алганыбызды мен ишенимдүүлүк менен айта алам.
Бүгүнкү күндө “Айыл Банк” бул жөн эле Банк эмес:
- Бул 170 бөлүмү бар Кыргызстан боюнча тейлөө тармагы кеңири тараган, анын 85%ы аймактарда жайгашып, биз сунуш кылган тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүнүн кеңири алкагы түзүлгөн;
- 90 миңден ашуун кардарлар;
- 99 миңден ашуун кредиттер;
- 1897 кызматкерлер күн сайын өлкөбүздүн жана компаниянын өнүгүшү үчүн баа жеткис салымын кошуп жатат.
Биз бир жылдан ашуун мезгилден бери алдыңкы позицияда жогорку финансылык көрсөткүчтөр менен бекемделген туруктуу өсүш жана ийгиликтүү өнүгүүнү сактап келебиз.
Азыркы учурда биздин Банкта жалпы суммасы 7,5 млрд сомдон ашык көлөмдө депозиттер ачылган.
Банктын кредиттик портфели 40,5 млрд сомдон ашык сумманы түзөт.
2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 5 млрд сом таза киреше алынды.
Банк өзүнүн миссия жана максатын аткаруу менен Айыл чарбасын каржылоо – 11, Агроөнөр жай комплексин каржылоо, Баткен облусун жеңилдетилген шартта каржылоо, өлкөбүздүн ишкерлерине пайызсыз финансылык жардам жана лизинг боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууда.
Аларды ишке ашырууга катышууда. 2023-жылдын апрель айынан баштап калкты ислам принциптери боюнча каржылоо Бишкек, Өзгөн, Токмок, Ош, Араван, Нарын, Каракол, Жалал-Абад жана Талас шаарында жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда ислам принциби боюнча каржылоо портфели 170 млн сомдон ашты. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок бул биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чеги эмес. Биз ислам принциби боюнча каржылоону кеңейтип, аны Баткенде, Кызыл-Кыяда, Базар-Коргондо, Кербенде, Балыкчы жана Ноокатта да жеткиликтүү кылууну пландап жатабыз.
2023-жыл ири жана корпоративдик кардарларды тейлөөгө арналган жаңы “VIP-Борбор” филиалынын ачылыш жылы болду.
“Айыл Банктын” мобилдик тиркемеси – АБ24 жана АБ-Бизнес тиркемелери биздин кызмат көрсөтүүлөрүбүздүн ажырагыс бөлүгү болуп калды. Себеби, бул кардарларга онлайн форматта которууларды жасап, 800дөн ашык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү ишке ашырууга, өз эсептерине жана төлөмдөрүнө көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Биз корреспонденттик мамилелерди орнотуу боюнча иштерди жасоо менен Mashreqbank (Бириккен Араб эмираты), Zhejiang Chouzhou Commercial Bank, (Кытай), HARBIN BANK (Кытай), Nurol Bank (Түркия), ААК «Эвока Банк» (Армения) сыяктуу көптөгөн чет элдик Банктарда корреспонденттик эсептерди ийгиликтүү ачтык. Москванын Банктар аралык валюталык биржасынын (МБВБ) катышуучусу болдук.
Ошондой эле биздин 3D Secure Элкарт жана Мастеркарт карталарыбыздын ээлери үчүн коопсуздуктун жаңы деңгээлин киргизип, биздин кардарларга онлайн төлөмдөр учурунда өз каражаттарынын сакталуусуна ишеним болуусуна мүмкүн болгонун белгилегим келет.
Өтүп жаткан жылдын алдын ала жыйынтыктарын чыгарып жатып, 2023-жыл өзүбүз үчүн жаңы максаттарды белгилөөгө мүмкүнчүлүк берген эң сонун жыйынтыктардын жылы болду деп айта алам.
Келе жаткан 2024-жылы Сиздердин ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык, дайыма ийгилик жана алдыга койгон максаттарга жетүү, өз мүмкүнчүлүктөрүңүздөргө ишеним жана болуп көрбөгөндөй бийиктиктерге жетүүнү чын жүрөгүмдөн каалаймын.
Ар бир кыялдар эң бир сонун болуп ишке ашсын!
«Айыл Банк» дайым алдыда
Өлкөнүн айыл чарба секторун каржылоочу ири каржы мекемеси болгон «Айыл Банк» ачык акционердик коому «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү долбооруна» катышуу үчүн тандалып алынган биринчи финансылык мекеме болуп саналат.
2023-жылдын 13-декабрында аталган долбоордун негизинде кредиттик, гранттык жана долбоордук макулдашууларга кол коюлду. Долбоордун жалпы бюджети 40 млн АКШ долларын түзөт, анын бир бөлүгү Айыл Банкка берилет.
Долбоордун алкагында Банк агробизнес чөйрөсүндөгү чакан жана орто ишканаларга, анын ичинде агрегаторлорго, даярдоочуларга, кайра иштетүүчүлөргө жана жашылча-жемиш продукцияларын экспорттоо боюнча ишканаларга (алма, алмурут, өрүк, бадыраң, сарымсак, пияз, картошка ж.б.) кредиттер берилет.
Банк ишмердигине берилген баа
«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун Төрагасы Т.Б.Алимджанов КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин “Мамлекеттик ишкананын мыкты жетекчиси” номинациясы боюнча «Мамлекеттик мүлктү башкаруунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлык 2023-жылдагы натыйжалуу башкаруу жана таза пайданын жалпы көлөмүн эки жана андан көп эсеге көбөйтүүдө жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн ыйгарылды.
Сыйлык 2023-жылдын жемиштүү жыйынтыктарынын көрсөткүчү гана эмес, банк ишмердигине берилген жогорку баа.
Сыйлыкты үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында ММБМАнын директору К.Тургунбеков жана ММБМАнын биринчи орун басары М.Машиев тапшырды.
ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫК
Жыл аяктап кийинки жылга кадам койгону турабыз. Жыл жаңыраары менен жазгы талаа иштерине кам көрүү башталат. Эгерде сиз жеңилдетилген айыл чарба кредитин өз мөөнөтүндө жана ишенимдүү алгыңыз келсе алдын ала керектүү документтер топтомун даярдоону сунуш кылабыз.
Алар төмөнкүлөр:
* Паспорт;
* Нике күбөлүгү (эгер бар болсо);
* Айыл чарба жерлеринин документтери;
* Мал-жандыктары тууралуу маалым кат;
Зарыл болсо, кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.
Эсиңизге салабыз: 2024-жылга АЧК боюнча арыздарды каттоого кезекке турууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү буйругу расмий түрдө чыккандан кийин башталат.
2024-жылдын январь айынын башында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий буйругу чыкканга чейин кезекке туруу мүмкүн эмес.
Суроолоруңуз болсо ар дайым төмөндөгү номерлер боюнча кайрылсаңыз болот:
5511 – чалуу акысыз (0312) 68-00-00