"Эркин-Тоо"

“Айыл банк” — элге жакын банк

Пайызсыз кредиттер

“Айыл Банк” мамлекеттик программалар боюнча калкты каржылык колдоодо активдүү иш алып барууда. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча  ишкерчилик чөйрөгө пайызсыз кредиттерди берүү көлөмү жана саны боюнча банктар арасында биринчи орунга чыкканы мунун ачык далили.

Бизге   ишкерлерге берилип жаткан пайызсыз кредиттер туурасында Банктын Талдап-иликтөө жана коштоо бөлүмүнүн башчысы Токтогулов Нарынбек  Назаркулович  айтып берди.

2023-жылы “Айыл Банк”  бир нече мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырды. Анын ичинде чакан жана орто бизнеске ыкчам колдоо көрсөтүү долбоорубуз бар. Бул кайтарымдуу каржылык жардам долбоору боюнча эки категорияда пайызсыз кредиттер берилет.

  1. Жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер алса болот. Кредиттин максималдуу суммасы 1 млн сом, мөөнөтү 3 жыл. Бул долбоордун талаптары боюнча ишкердин патенти же салык мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүгү болушу керек.
  2. Мында долбоордун шарты боюнча ишкерлердин жок дегенде 6 айга патенти талап кылынат жана ишкер юридикалык жак болушу зарыл. Бул категория боюнча  жылдык кирешеси 30 млн сомго чейинки ишкерлер кредит ала алышат. Кредиттин суммасы 3 млн сомго чейин, мөөнөтү 3 жыл.

Аталган эки категория боюнча кредит суммасы 250 миң сомго чейин болсо күрөөсүз  берилет. Ал эми 250 миң сомдон өйдө пайызсыз кредит алган шартта  күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлушу керек.  Күрөөгө коюлчу кыймылсыз мүлктүн документи талап кылынат.

Белгилей  кетсек, пайызы жок кредиттер соода-сатык жана кызмат көрсөтүү максаттарына  берилет.

2023-жылы “Айыл Банк” 2 223 кардарга  1 млрд 732 млн сом көлөмүндөгү пайызсыз кредит берген. 

  

“Мурабаха” келишиминде   каржылоо  кардар менен  макулдашылган шартта болот

Редакцияга Кочкор районунан бир окурманыбыз “сиздер “Айыл Банк” ачык акционердик коомунан ислам принциптери боюнча каржылоо бериле турганы жөнүндө жаздыңыздар эле. Мен ислам принциптери боюнча унаага каржылоо алайын деп жатам. Ошол боюнча ачык, так маалымат алып берсеңиздер”, — деп кайрылды. Биз Банктын ислам принциптери боюнча каржылоо адиси Кубанычбек Касымбек уулуна кайрылдык.

 

— Кубанычбек мырза, алгач ислам принциптери боюнча каржылоо алууда талап кылынчу документтер боюнча айтсаңыз?

— Албетте, паспорту, сатып ала турган автоунаанын документи, унаа сатып жаткан адамдын да паспорту, никеде болсо жубайыныкы да керектелет жана нике күбөлүгу дагы талап кылынат. Баштапкы өздүк төлөм (хамиш джиддия) унаанын наркынын 35%ынан кем болбошу керек, өздүк салым жок болсо күрөөгө  кыймылсыз мүлк коюуга болот. Эгер кыймылсыз мүлк күрөөгө коюлбаса анда сөзсүз түрдө машинаны камсыздандыруу керек.  Бир миллион сомго чейинки баадагы унаа болсо күрөөгө унаанын өзүн койсо болот.  Мындан тышкары кардардын кирешесин тастыктоочу документ керектелет.

— Ислам принциби боюнча каржылоонун өзгөчөлүгү эмнеде?

— Бул каржылоо принциби шарият талаптарына жана эрежелерине негизделет. Ошондуктан адаттагы салттуу каржылоодо кездешпеген өзгөчөлүктөргө ээ. Каржылоодо “Мурабаха” келишими колдонулат. Ага ылайык банк үстөк пайыз колдонбойт, келишим соода-сатыктын негизинде жүрөт. Банк кардар муктаж болгон товарды сатып алып, андан соң кардар менен макулдашылган үстөк бааны кошуп кайрадан кардарга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен сатат. Унаанын өз нарк баасын  жана банктын кызматы үчүн коюлган үстөк бааны кардар менен макулдашылган шартта белгилүү мөөнөткө бөлүнүп төлөнөт. Белгилеп кетчү нерсе – кандай шартта болбосун банктын үстөк баасы өзгөрүлбөйт, тагыраак айтканда, салттуу кредит алынып, убагынан кечиктирилип төлөнбөй калса, кредиттин мөөнөтүн узартып койсо болот, бирок, узартылган мөөнөткө кошумча пайыз эсептелинет. Ал эми ислам негизинде  каржылоодо мындай учурда банктын үстөк баасы өзгөрүлбөйт.

— Кардар Банктан 5 жылдык мөөнөткө унаа сатып алып, бирок мөөнөтүнөн мурда кредитти төлөө мүмкүнчүлүгү жаралган учурда кардар үчүн үстөк баасы же каржылоонун суммасы боюнча кандайдыр жеңилдик болушу мүмкүнбү?

— Андай учурда кардар Банкка арыз жазса болот. Банк арызды карап, эгер кардар төлөмдөрдү кечиктирбей төлөп келсе жеңилдик бере алат.

— Ислам принциби дегенде үстөк пайызы жок кредит деп түшүнгөндөр бар. Сиз үстөк пайыз колдонулбайт, келишим соода-сатыктын негизинде жүрөт деп айтып жатасыз. Мунун айырмасы эмнеде?

— Эгерде кардар 500 000 сом өлчөмүндө каржылоону 1  жылга алып, “Мурабаха” келишиминин негизиде авто унаа сатып алса, ай сайын 46 797 сом төлөшү керек, бул төлөмдүн ичинде каржылоонун негизги суммасы жана банктын үстөк баасы камтылган. Бир жыл ичинде кардар банктан алынган 500 000 сомду жана ага кошумча банктын үстөк баасы  61 566 сомду кошуп кайтарып бериши керек болот.

Кредиттер жана башка сиздерди кызыктырган суроолор  боючна кеңири  жана толук маалыматты 5511 же 0312 68 00 00 номери аркылуу алсаңыз болот. Чалуу акысыз.
Кыскача маалыматтар
“Айыл Банк” дайыма алдыда

“Айыл Банк”  банктар арасында пайызсыз кредиттерди берүү боюнча биринчи орунду ээледи.  Финансы министрлигинин маалыматына  ылайык  Банк  пайызсыз кредиттерди берүүдө саны жагынан да,  көлөмү жагынан да эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылган. Тактап айтканда,  “Айыл Банк”   2022-2023-жыличинде 3879  кардарга жалпы көлөмү 2,5 млрд сомду түзгөн  пайызсыз кредит берген.

 

Айыл чарба тармагын каржылык колдоо — өлкөнүн өнүгүүсүн колдоо

Январь айынын орто ченинде  «Айыл Банк» жетекчилиги  Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында  Агроөнөр жай комплексин кредиттөө (АЖКК) долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулоого арналган республикалык жыйынга катышты.

Анда Башкармалыктын төрагасы Тилек Алимджанов 2023-жылдын жыйынтыктары жана 2024-жылга карата иш пландары боюнча баяндама жасады.  Ал  катышуучуларды Банктын кредиттик продуктылары  менен тааныштырып, суроолорго жооп берди.  Тилек Алимджанов айыл чарба тармагын каржылык колдоо банктын маанилүү милдеттеринин бири экендигин белгилеп, мындан ары да бул багытта активдүү иштер жасала берерин билдирди.

3608 дыйкан-фермер 6%дык кредит алды

Мамлекет  бир топ жылдан бери  “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун  жеңилдетилген шарттарда каржылоо долбоорун ишке ашырып келүүдө.  Акыркы жылдары айыл чарбасын каржылоо долбоорунун үстөк пайызы төмөндөтүлүп, 6%га чейин түштү. Бул айылдык товар өндүрүүчүлөр  үчүн жакшы колдоо.  2023-жылы “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоору боюнча “Айыл Банк” 3608  дыйкан-фермерге 1 млрд 650 млн сом көлөмүндө кредит берди.

 

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!