"Эркин-Тоо"

«Айыл Банк» контракттарды  банктык коштоочу ыйгарым укуктуу банк

Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы №522 “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо жөнүндө” токтомуна ылайык «Айыл Банк» ААКысы  мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо (КБК) боюнча кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу банк болуп саналат.

Банктык коштоонун максаты эмне?

  1. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу.
  2. Сатып алуучу уюмдардын финансы жана салыктык тобокелчиликтерин азайтуу
  3. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө контракттардын аткарылышынын ачыктыгын кепилдейт.

“Айыл Банкы” контракттарды банктык коштоодо эмнелерди камсыз кылат?

  • төлөмдөрдү өткөрөт;
  • келишимди аткаруунун жүрүшүнө  катышкан бардык башка жактар ​​тарабынан ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсеп боюнча жүргүзүлгөн эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзөт;
  • каражаттардын максаттуу сарпталышына көзөмөлдүк кылат;

контракттарды банктык коштоонун натыйжаларын сатып алуучу уюмга маалымат иретинде кабардар кылат.

КБК сервиси

Контракттарды банктык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр алкагында «Айыл Банк» ААКысы сатып алуучу уюмдарга жана берүүчүлөргө (сатуучуларга) төмөнкү сервистерди сунуштайт:

  • “КБК интерактивдүү отчеттуулугу” – бул, “Айыл Банк” ААКысы тарабынан сатып алуучу уюмдарга көрсөтүлүүчү жана коштоого алынган контрактты аткаруунун жүрүшүндөгү эсептешүүлөрдүн учурдагы абалын жана статистикасын көрсөтүү.

Интерактивдүү отчетторду үзгүлтүксүз жасап, эсептешүүлөрдүн мониторингинин натыйжалары жана коштоого алынган контракттар боюнча акча каражаттарынын максаттуу сарпталышына контролдоо кызматы.

  • «Негиздөөчү документтерди кабыл алуу порталы» – «Айыл Банк» ААКсы тарабынан берүүчүлөргө көрсөтүлүүчү КБК сервиси. Ал аркылуу берүүчү «Айыл Банк» ААКсына которуу өтүнүчтөрүнө карата негиздөөчү документтерди өткөрүп берет.

КБК боюнча толук маалымат “Айыл Банктын”  ab.kg  расмий сайтында.

 

Жакшы жаңылык

«Айыл Банктын» ЭЛКАРТ картасынын колдонуучулары  эми накталай акчаны «РСК Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААКтын банкоматтарынан комиссиясыз ала алышат.

Банк 2023-жылдын 15-сентябрынан баштап банкоматтардын мамлекеттик достук түйүнүнө кошулду.  Ага ылайык  2023-жылдын 1-октябрынан баштап  мурунку достук түйүнү менен кызматташуусун токтотот.

Мамлекеттик достук түйүнүнүн аркасында банк кардарлары бүткүл өлкө боюнча  каалаган жерде, каалаган убакта, ашыкча чыгымсыз накталай акча алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат!

“Экопродукт”  менен электромобиль сатып алыңыз

Күн сууктап  кыш айларынын келишине аз убакыт калды.   Кышкысын бизде үй жылытуу менен катар эле экология маселеси да күн тартибине чыгат. Үй да жылуу, экология да булганбоосуна кам көргөн  жарандар үчүн  “Айыл Банк”   «Экопродукт» кредиттик продуктусун сунуштайт.

Бул кредит линиясы аркылуу кардарлар төмөндөгү багыттарда кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгү бар:

— терезелерди, эшиктерди энергия үнөмдөөчү материалдар менен алмаштыруу жана жылуулоо;

— чатырды, балкондорду, дубалдарды, полдорду жылуулукту/энергияны сактоочу материалдар менен жылуулоо;

— электромобиль сатып алуу;

— күн батареясын сатып алуу;

— заманбап тазалоо/чыпкалоо жайларын куруу;

— газ баллон жабдыктарын орнотуу.

Кредиттин шарттары:

  • Кредиттин суммасы — 300 000 сомдон жогору.
  • Кредиттин мөөнөтү — 7 жылга чейин.
  • Жылдык үстөк пайызы – 19%
  • Эффективдүү үстөк пайыз – 21,02%

Айыл Банк — сизге жакын!

“Айыл Банкка” суроолор болсо  0312 68-00-00 же

5511 кыска номуруна чалсаңыз болот (чалуу акысыз).

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!