"Эркин-Тоо"

АЙЫЛ БАНК Кыргызстандагы №1 банк

Дагы бир рекорд: «Айыл Банк» уставдык капиталдын көлөмү боюнча Кыргызстандагы №1 банк болду.

Бүгүнкү күндө уставдык капиталынын көлөмү 12,4 миллиард сомду түзөт. Уставдык капиталды көбөйтүү чечими 15-майда банктын акционерлеринин кезексиз жыйынында кабыл алынды. Чечимге ылайык “Айыл Банк” ачык акционердик коому чыгарган жөнөкөй акцияларынын жалпы саны 1,2 млн нусканы түзөт.

Банк 2023-жылдын 1-январына карата финансылык көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы позицияларды ээлеген. Атап айтканда:

— Активдер боюнча — 78,2 млрд сом;

— Кредит портфели боюнча — 33,1 млрд сом;

— Таза киреше боюнча — 4,20 млрд сом.

«Айыл Банк» – бул өз элинин салттарын терең урматтап, кардарларга кам көрүү менен келечегиңизди ойлогон, сиздин туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшүңүз.

«Айыл Банк» – Сизге жакын!


 

4,2 млрд сом өлчөмүндө дивиденд төлөндү

«Айыл Банк» таза пайданын 100%ын же 4,2 млрд сом өлчөмүндө дивиденд төлөдү.

15-майда өткөн «Айыл Банк» ААКсынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда 2022-жылда тапкан таза пайданын 100%ы же 4,2 млрд сом өлчөмүндө дивиденддерди төлөө чечими кабыл алынган.

«Айыл Банктын» бирден-бир акционери мамлекет болуп саналаарын, анын 100% акциясына ээлик кылаарын кошумчалайбыз.

2022-жыл ичинде дагы «Айыл Банк» финансылык көрсөткүчтөрү боюнча, тактап айтканда таза киреше, активдер жана кредит портфели боюнча №1 банк болду.


“Аракетке-Берекет” депозитин ачып, кыялыңызды ишке ашырыңыз

Сиз банк кызматын пайдаланып, акчаңызды кемитпей, тескерисинче көбөйтүүнү каалайсызбы? Анда сизде “Айыл Банктан” “Ардагер”, “Наристе”, “Талап боюнча төлөнүүчү”, “Айылга салым”, “Аракетке-Берекет” жана башка депозиттерди ачып, акчаңызды сактоо менен үстүнө акча кошуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүн биз “Аракетке-Берекет” депозити боюнча сөз кылабыз. Бизге бул боюнча Банктын сатуу бөлүмүнүн башчысы Акаков Максат Бейшенкулович жардам бермекчи

“Айыл Банктын” “Аракетке-Берекет” депозити аркылуу сиз кыялыңыздагы максатыңызды ишке ашырып алууңузга толук мүмкүн. Дегеле депозит деген эмне? Кыскача чечмелесек, бул сиздин банкка берген аманатыңыз. Депозиттин эң кыска мөөнөтү 3 ай. Ошондой эле 1 жылдан 3 жылга чейин же акчаңыз өзүңүзгө керек болгонго чейинки мезгилге чейин депозит ачууга болот. Айталы, сизде кандайдыр бир акчаңыз болсо аны белгилүү мөөнөткө чейин банкка сактоого бересиз. Ал акча банкта жөн гана сакталбастан, үстүнө акча тууйт. Мисалы, эгерде 3 жылга берсеңиз сиз салган суммадан 14%га өсөт.

“Аракетке-Берекет” депозити “Айыл банктын” жарандарыбызга кредит же ипотека алууга ыңгайлуу шарт түзгөн уникалдуу продуктысы. Себеби, бул депозит менен кредиттин айкалышкан өзгөчө бир ыкмасы десек болот. Мында жарандар депозитин 1 жылдан кем эмес топтоп, анан ошонун негизинде банктан эч кыйынчылыксыз кредит алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кардар кайсыл жерде иштебесин каражатын аманатка салып, анан 12 айдан кем эмес мезгилде ай сайын белгилүү бир суммада депозитине салымын салып турушу абзел. Алгач депозит ачуу үчүн каражат 10 миң сомдон кем болбошу керек жана ай сайын депозитти толуктоо 5 миң сомдон аз эмес болууга тийиш.

“Аракетке-Берекет” депозити өзгөчө мигранттар үчүн ыңгайлуу. Биздин мекендештерибиз чет жерде иштеп, кредит же ипотека аларда каржы булактарын тастыктоочу кагаздарын чогулта албай аябай кыйналышат. А эгер “Аракетке-Берекет” депозитин ачып, “Айыл Банктын” кызматын пайдаланса өз максатын жеңилирээк ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. Себеби, 12 ай депозитин топтоо менен кардар автоматтык түрдө банктан өзү каалагандай кредит же ипотека ала алат. Мында эске алчу жагдай, ипотека же кредиттин көлөмү кардардын депозитке топтогон каражатына жараша болот. Башкача айтканда кредит алчу сумманын 30%ын депозитке чогултса, калган 70%ын банк ипотека же кредит кылып берет. Мисал үчүн айтканда 100 миң сомго бир буюм, машина же батир алам десе анда депозитке 30 миң сом чогултушу керек.

Бул ыкма менен кредит алууда кандайдыр бир артыкчылык болобу?

Ооба, болот. Депозиттик-кредиттик айкалышкан продуктынын артыкчылыгы үстөк пайыздары стандарттык ипотекадан же кредиттен алда канча төмөн. Улуттук банктын эсептик курсунун өлчөмүнүн үстүнө 3-4%дан көп эмес үстөк кошулуп, жеңилдетилген кредит берилет. Азыркы учурдагы эсептер менен санасак үстөгү 16-17% болот. Ал эми стандарттык, тактап айтканда коммерциялык ипотека же кредиттердин үстөгү 20-22%. Демек, бул жерден да артыкчылык бар. Мындан тышкары эгерде кайсы бир жаран кредит алам десе талап кылынчу тастыктоочу документтердин тизмеси боюнча көп иш-кагаздарын чогултуусу зарыл. Ал эми биздин кардар банкта депозитке акча топтоо менен каржы булактарын тастыктоочу кагаздарды чогултуп отурбайт. Бул артыкчылыктарга жарандар “Аракетке-Берекет” депозити аркылуу гана ээ болот.

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!