"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2,448 млрд сом насыя берилет

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы №36-тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 14» (ФСХ-14) долбоору бекитилди.

Долбоордун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кеминде 2 448 000 000 (эки миллиард төрт жүз кырк сегиз миллион) сом өлчөмүндө 6 пайыздык чен менен насыя берүү каралган. Насыялар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу берилет.

Насыя берүү шарттары төмөнкүдөй:

  • «Мал чарбачылыгы» жана «Өсүмдүк өстүрүү» багыттары: мөөнөтү 36 айга чейин; 500 000 сомго чейин — күрөөсүз, 1 000 000 сомго чейин — күрөө менен.

  • «Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары» багыты: мөөнөтү 36 айга чейин; 3 000 000 сомго чейин — күрөө менен.

Долбоор боюнча каражаттар бөлүштүрүлдү:

  • Мал чарбачылыгы — 1 713,6 млн сом (70%)

  • Өсүмдүк өстүрүү — 489,6 млн сом (20%)

  • Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары — 244,8 млн сом (10%)

Долбоор айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, дыйкандардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана туруктуу кирешеге ээ болууга өбөлгө түзөт.