"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар Коом

Айыл чарба адистери Бишкектеги чегирткелер тууралуу маалымат берди

Бишкек шаарынын тургундарынан чегирткеге окшош курт-кумурскалар боюнча массалык кайрылуулар келип түшкөн. Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдирип, калаадагы чегирткелерге изилдөө жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.

Адистер жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, шаар аймагында байкалган чегиртке сымал курттар зыяндуу эмес, Tettigonoiidae түркүмүнө кирген Platycleis Fieber түрүндөгү кадимки чегирткелер (орусчасы — скачки) экендиги аныкталды.

«Калаадагы чегирткелер адамдын ден-соолугуна да, айыл чарба өсүмдүктөрүнө да зыян келтирбейт», – деп белгилешет адистер.

Маалыматка ылайык, зыяндуу чегирткелер кыска муруттуу жана канаттары жакшы өнүккөн болот, ал эми жөнөкөй чегирткелер узун муруттуу болуп, жалгыз жашайт жана көп учурда канатсыз болот.