26-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин имаратында жаңы уюштурулган агрохаб окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган окуу борборунун максаты “Табышкер” жана “Жаштар, санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында өз ара пайдалуу биргелешкен ишмердүүлүккө багытталган тараптардын узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.
Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары К.Касейинов, “Enactus Кыргызстан” директорлор кеңешинин мүчөсү А.Джангазиев, органикалык айыл чарба департаментинин директору С.Турсуналиев жана органикалык продукциянын өндүрүүчүлөрү катышты.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ