Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын биринчи беш айында Кыргызстан айыл чарба продукцияларын былтыркыга салыштырмалуу чет өлкөгө көбүрөөк сата баштады.
Мисалы, сүт азыктарынын экспорту 16 462 тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 3 628 тоннага көбөйдү.
Ошондой эле жашылча-жемиштерди сатуу жаатында да өсүш байкалды. Сабиз 15 453 тонна, капуста 23 494 тонна, ал эми ашкабак былтыркыга салыштырмалуу 3 672 тоннага көп сатылды.
Жемиштердин ичинен:
-
алма 9 814 тоннага,
-
алмурут 6 427 тоннага,
-
алча 2 758 тоннага,
-
кулпунай 2 347 тоннага көбүрөөк экспорттолду.