"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Айыл чарба министрлиги Ош жана Баткенде логистикалык борбор курууга өнөктөштөрдү чакырат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызыкдар компанияларды жана инвесторлорду Ош жана Баткен облустарына соода-логистикалык борборлорду курууга катышууга чакырат.

Ведомстводон билдиришкендей, логистикалык борбор куруу боюнча долбоор айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган.

Долбоордун мүнөздөмөлөрү:

— СЛБнын аянты: 3 гектар
— СЛБнын көлөмү: 5 тонна

Долбоордун максаты:

— айыл чарбасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн заманбап соода-логистикалык аймактарды түзүү;
— айыл чарба продукциясын сактоо жана бөлүштүрүү үчүн заманбап аймактарды берүү аркылуу айыл аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
— долбоордун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн инвестицияларды жана өнөктөштөрдү тартуу.

Өнөктөштүктөрдүн мүмкүнчүлүктөрү:

— соода-логистикалык борборлорду каржылоого жана курууга катышуу;
— жер тилкелерин берүү жана каттоо мүмкүнчүлүгү;
— СЛБнын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн өнөктөштүктөрдү түзүү;
— жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Кызыккан компаниялар жана инвесторлор өз кызыкчылыктарын билдирүүгө жана кызматташуу боюнча сунуштарды берүүгө чакырылат. Кошумча маалыматты төмөнкү байланыш маалыматтары аркылуу ала аласыздар:

Ош облусу боюнча Айбек Парпиев

Телефон: 0550825725

Email: aibek.parpiev@mail.ru

Баткен облусу боюнча Нурайым Айдыралиева

Телефон: 0990559028

Email: aydar767672@gmail.com