"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун адиси Алтынбек КАРЫБЕКОВ: “УРУКТАРЫН АЛЫП, ТОҢДУРУП, АНЫ ДА ЧАРБАЛАРГА ТАРАТУУДАБЫЗ”

Совет мезгилинде малдын 97 пайызы асыл тукумдуу болсо, азыр бул көрсөткүч болгону бир пайызды түзөт. Буга карата айыл чарба министрлиги тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, Айыл чарба министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы KOPIA борбору 2021-жылдан бери өлкөбүздөгү ири мүйүздүү малдардын асыл тукумдуулугун арттыруу, сапатын оңдоо максатында долбоорлор менен иш жүргүзүшүп келишет.

Долбоор “Кыргыз Республикасындагы ири мүйүздүү малдардын асыл тукум башын жакшыртуу үчүн биотехнологиялык ыкмаларды колдонууну жайылтуу” деп аталып,  негизинен Кореядан алынып келинген сүт багытындагы букалардын уруктарын пилоттук чарбаларга таратып, ошол жердеги адистер аркылуу уруктандыруу иштери жүрөт. Долбоор менен негизинен Айыл чарба министрлигинин алдындагы кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту иштеп жатышат. Учурда долбоордун 1-этабы аяктап, 2024-жылы 2-этабын баштоо алдында турушат. Мындай иштер 2027-жылга чейин уланат. Жыл этегинде дал ушул долбоордун 2-этабына кол коюлду. Долбоордун буга чейинки жасалган иштери жана мындан кийин аткарыла турган пландар туурасында бизге Айыл чарба министрлигинин алдындагы мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун адиси Алтынбек Карыбеков мырза айтып берди.

Сапатын жакшыртуу боюнча үч жылдын ичинде бир топ жумуштар жүргүзүлдү. Алсак, Кореядан келген сүт багытындагы букалардын уруктары алынып келинди.  Кыргызстандын жеке фермерлери, райондогу чарбалар менен келишим түзүп, иш алып бардык. Аларга уруктарды бекер берип, калктын уйларынын сапатын жакшыртуу максатында иштерди алып бардык. Буюрса жыл ичинде уйларыбыз төлдөп, жакшы көрсөткүчтөр болду. Мындан кийинки иш алып бара турган долбоордо да ушул Кыргызстандын аймагында чарбаларды кеңейтүү жолунда башка райондорго да иштерди алып бара баштайбыз. Дагы ошондой эле малды уруктандыруудан мурун адистерди окутуу боюнча да иштер жүрөт. Ал боюнча биздин институтта окуу борбору түзүлгөн. Ал жактан малды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча окуулар болот. Ал борборго да KOPIA борборунун долбоорунун алкагында дагы иш-чаралар жүргүзүлгөн. Азыркы учурда Талас, жана түштүк региондордо ушул долбоор боюнча иштер жаңыдан башталып жатат. Бизде уйлардын сапаты союз тарагандан бери каралбай калган. Эми аталган долбоордун аркасында ушул нерселерге көңүл бурулуп,  элге чоң жардамдар көрсөтүлөт деп ишенебиз. Андан сырткары да айта кетүүчү нерсе, биздин институттун алдында биотехнология бөлүмү бар. Ал жерде да ошо долбоордун алкагында Чехия республикасынан эки бука сатылып алынган. Анын бирөө эт багытында болсо, бирөө сүт багытында. Булардын да уруктарын алып, тоңдуруп, аны да чарбаларга таратып, айтор Кыргызстандагы фермерлердин уйларын жакшыртуу максатында иштер улантылып жатат. Азыркы учурда 22 пилоттук чарба менен иштешип, ал жерде 5000ден ашуун уй менен иштеп жатабыз. Кийинки жылы бул малдардын санын дагы көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар.  Сүттүн сапаты боюнча айтсам, учурда аймактарда сүттү иштеткен заводдор ачылып жатпайбы, ошого байланыштуу эл сүттү ал жака өткөрүп, пайда таап жатышат. Жер-жерлерде буга чейин уйлардын сапаты азайып кеткен. Буга тоюттун тартыштыгы да себеп болот. Тоют кенен жана сапаттуу болсо албетте сүт да арбын болот” – дейт Карыбек мырза.