Айыл чарба министрлиги өлкөдө тракторлордун жана айыл чарба машиналарын алуу былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулаганын билдирди.
Маалыматка таянсак, мамлекеттин колдоосу аркылуу жарым жылдыкта өлкөгө Беларусь, Орусия, Түркия, Кытай жана Германиядан бардыгы болуп 229 даана техника алып келинген. Анын ичинен:
тракторлор — 151;
кайра иштетүү жабдуусу — 1;
айыл чарба машиналары — 27;
атайын техника — 48;
унаа каражаттары — 2.