«Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында 2024-жылдын 11 айында Кыргызстанда 4,4 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди.Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган арзан насыянын быйылкы көлөмү 5 млрд сом.
Насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” (РСК) банктары аркылуу берилүүдө.
Комментарий калтыруу