«Айыл чарбасын каржылоо» (АЧК) долбоору кийинки жылдан тарта жабылат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтуусунда, 2025-жылдан тарта жеңилдетилген насыялар жалаң гана кооперативдерге берилет.
«Аларга кулач жаюу үчүн министрлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт», — деди Төрөбаев.