Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги соңку убакта ар ай же квартал сайын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кеңири маанайдагы маалыматтары менен бөлүшүп келет. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы министрликтеги орун алган көйгөйлөр жана бир катар жетишкендиктердин баяндамасын көрүп, кемчиликтеринен ийгиликтери көбөйгөнүнө ынанасың. Биз бул сапар агрардык өлкө аталган Кыргызстанда негизги министрлик эмне иштерди аркалап жатканына кызыгып, айрым иштерине сары эсеп салып көрдүк.
Дыйкандар үрөн менен жетиштүү камсыздалган
Жыл башында мамлекеттик дотация аркылуу түзүлгөн келишимдердин негизинде республика боюнча дыйкан, фермерлерге 2827,6 тонна жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү үрөнчүлүк чарбалар тарабынан министрликке караштуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу таратылган. Таратылган үрөндүн акча каражаты 35,1 млн сомду түзүп, үрөн алган дыйкан, фермерлердин саны 2047 жеткен. Мунун ичинен буудай үрөнү 22,9 миң тонна керектелсе, 22,3 миң тонна топтолуп, камсыздоо 97,1%га, арпа 44,2 миң тонна керектелсе, 43 миң тонна топтолуп, камсыздоо 97,4%ды түзгөн. Бул эми министрликтин расмий статистикасы. Жер иштетүү менен алпурушкандардын керектөөсүн канааттандырыш үчүн бул көрсөткүч деле “түккө турбасы” анык. Ошентсе дагы үрөнчүлүк боюнча министрликтин дыйкандарыбызга жогорудагыдай “өбөк-жөлөк” болушу чоң колдоо болгонун бул тармакты жакшы билгендер жылуу маанайда узун-сабак кеп кылышууда.
Тарыхый жетишкендиктерди академик Акималиев да танбайт
“Быйыл биздин өлкөбүз азык-түлүктүн 5 түрү: нан, кумшекер, картошка, сүт жана жашылча азыктары менен элибизди камсыздаганы турат. Дан эгиндеринин түшүмү да жакшы болуп, 1 млн тоннага жакын буудай, арпа, күрүчтүн түшүмү жыйналды. Эми алынган түшүм жакшы сакталып, жетиштүү баада мамлекетке сатылса, биз мындан ары нанды эч кимден сурабайбыз. Анан калса быйыл кант кызылчасы боюнча Сары-Өзөн Чүй менен Таластын эмгекчилери жалпы элди кубантууда. Мындай көрсөткүчтөрдү өлкөнүн тарыхый жетишкендиктери катары баалашыбыз керек” – деген пикирин академик Жамин Акималиев билдирди. Буга дейре агрардык тармактагы иштерге өмүрү чекеси жылыбаган академик бул системадагы саамалыктарга маңдайы жарыла сүйүнүчүн төмөндөгү аргументтери менен жүйөөлөштүргөн: “Тармактагы жылыштарга албетте, быйылкы жылдагы суунун кенен, аба-ырайынын жаанчыл болгондугу жакшы таасирин тийгизди. Экинчиден, айыл чарба өндүрүшүн алдыңкы ыкмалар менен башкарып, уюштуруу болчу. Биз муну көп жылдардан бери айтып, тилибиз тешилип келген. Биздин сунушубуздун маңызы – айыл чарба министринин укугун күчөтүп, аны бир эле учурда өкмөт башчынын орун басары кызматына коюуда болчу. Бул тилегибиз учурда ишке ашты. Мындай шартта бюрократия жоюлуп, орчундуу маселелер тез арада өз учурунда чечиле баштады. Натыйжада иш тездеп, айыл чарбасы алдыга жылууда”. Башта айтылгандай, айыл чарба жаатындагы иштерге өмүрү ичи чыкпаган илимпоз Жамин Акималиевдин жогорудагыдай пикирин уккан соң тармакта жылыштар болуп жатканына ынанбай койбойсуң.
Мал чарбачылыгы менен мактанууга али эрте
Министрлик 9 айлык иш-мерчеминде мал чарбачылыгы боюнча адаттагыдай статистикалык маалыматтарды шурудай тизмектешкени менен сырттагы реалдуу абал башкачадай болууда. Статистикалык маалыматта асыл-тукум боюнча жасалма уруктандыруу жол менен уруктандырылган малдын саны быйыл 77 626 башты түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12178 башка көп болгон. Мындан сырткары, 496,4 миң баш бодо, 11,7 миң баш жылкы, 5,9 миң баш чочко малдар идентификацияланып, атайын системага (СИОЖ) киргизилген. Албетте, мындай жакшы жылыш иштерди адилеттүүлүк үчүн айтканыбыз оң. Кызыгы, ушул тапта малдын баасы, эт өндүрүүнүн көлөмү көтөрүлгөнү менен териси (эчкиникинен башкасы) “ит бекер” баага да арзыбай, айылдарда таштандыга ташталып, ит-куштарга жем боло, тарпы чыгып, сугатчылар үчүн “кулак байлаган куралга” айланганын буга чейин да жазган элек. Министрлик жогорудагыдай статистикалык сандарды келтирип, “төш каккылаганы” менен кыргыз койлордун жүндєрү (уяң жүндүүлөр жөнүндө кеп башка) кыркылаар замат ошол жерден дароо өрттөлөөрүнө (баасы 5 сомго да чыкпаганынан улам) жай саратанында бир канча жерден өзүм да күбө болгонумду жазган элем. Жакында министрдин биринчи орун басарлыгына келген Жаныбек Керималиев дал ушул жүн көйгөйүн, айрыкча, уяң жүндүн маселеси менен алпурушуп, маселе көтөрүп жүргөн айыл чарба тармагынын ардактуу ардагери Молдобек Ирсалиевди кабыл алып, келечекке карай бул иштерди чечүү ниети менен иш баштаганы көңүл сүйүнтүүдө.
Министр Төрөбаевдин изги тилеги ишке ашууда
Эсиңерде болсо, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 10 жылдан ашуун депутаттык ишмердүүлүгүндө машина-трактордук станциялардын (МТС) ишин уюштурууну демилгелеп, өз кезегинде бул жагынан реалдуу сунуштарды берип келген. Бир кездеги андай изги тилектерине министрликке келээри менен киришкенин ушундан билиңиз, бир жылга жетпей 3 млрд 800 млн сомго 1006 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 156 техникага же 700 млн сомго көп берилген. Жаңы ачылган машина-трактордук станциялардын (МТС) саны 15 бирдикке жетип, 47 айыл чарба кооперативдери түзүлгөн. Тамчылатып сугаруу системасын орноткон субъекттердин саны 806 бирдикке жетип, алардын ээлеген аянты 1321 га жеткен. Түзүлгөн күнөскана чарбалары 22 бирдикке жетип, ээлеген аянты 5,9 га түзгөн.
Өткөн айда Улуттук статистика комитети сандарга ширелишкен маалыматын жарыялады. Эсеп-кысап жүргүзгөн органдын статистикасындагы дал ушул айыл чарба жааты боюнча топтолгон сандарына көз жүгүртсөк, 2024-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай тармагында 61,4 млрд сом көлөмүндө тамак-аш азыктары өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9 млрд сомго көп өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) – 122,6%ды түзгөнүн билдирди. Муну менен статистика комитети министрликтин өсүп-өнүүгө болгон сандарын дагы бир ирет бекемдеди. Алдыда жыл жыйынтыгы чыгараар кезде тармактагы жылыштар менен кемчиликтер боюнча дагы сөз болоор…
Калыгул Бейшекеев