Өмүр – бул адамдын жарык жашоосу жана ал өтө баалуу. Анын жарыгы канчалык күчтүү жана кубаттуу болсо, башкаларды ошончолук таасирлентет. Муктар Кожонтаевич ошондой таасирлүү адамдардын бири. Мындай асыл инсандын өмүрү – адамдын өзүнүн табият берген шык-жөндөмүн туура баалап, ага зор ынтаа коюп жашоосунун, жүрөктүн амири боюнча ар дайым алга умтулуунун айкын далили. Мындай жашоонун түпкүрүндө адамдын ички дүйнөсүнүн аруулугу менен мазмундуу кенендиги, татаалдыгы менен жөнөкөйлүгү, назиктиги менен катуулугу, айкөлдүгү менен бүйрөлүк чебердиги, күйүмдүүлүгү менен токтоолугу жуурулушуп турат.
Муктар Дүйшеев 1960-жылы 29-апрелде Сары-Өзөн Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айылында туулган. 1967-жылы С.Самсалиев атындагы Жогорку Аларча орто мектебине кирип, аны 1977-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1979–1981-жылдары Советтик Армияда Беларусия Республикасында кызмат өтөгөн. Жалпы эмгек стажы 48 жыл.
Муктар Кожонтаевич өзүнүн принциптери менен бирге кереметтери мол болгон Союздук менен Эгемендүү Кыргызстандын доорунда бир да күн тыным албастан, мамлекет үчүн ак кызматын үзгүлтүксүз өтөп келди. Эгемендүүлүктүн шарданы аны доор адамы болуу жолунан адаштырган жок. Кимдин заманы болсо да, инсандык парасатты бийик тутуп, бийликке эмес, элге кызмат кылууну максат кылып, жакындарына, кесиптештерине, айланасындагы бардык кезиккен адамдарга аны тастыктап келди.
Ал учурунда илим-билимге умтулуп, квалификациясын жогорулатууга жана жогорку билимге ээ болууга тынымсыз аракет кылган. Алгач Фрунзедеги Кооперативдик техникумга кирип, аны 1979-жылы Борбордук союздун жогорку окуу жайларынын бирине жолдомо алуу менен ийгиликтүү бүтүргөн. Андан кийин 1989–1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде бухгалтердик-эсеп факультетинде сырттан окуган. Финансы-экономика жаатындагы алган билими анын бүтүндөй эмгек жолунда бекем фундамент болуп калган.
Эмгек жолун 1982-жылдын январынан Кыргыз керек-жарак союзунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн райондук рабкоопто ревизор болуудан баштап, кийин башкы бухгалтердин орун басары болуп 1986-жылдын июнь айына чейин иштеген.
Ошол күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки анын үзүрлүү эмгек жолу айыл чарбасынын ирригациясында финансы-экономикалык системасында билимдүү, тажрыйбалуу, ийне-жибине чейин түшүнгөн адистер өлкөдө бешөө болсо, анын бири
Муктар Дүйшеев деп бааланган абройго чейин жетти. Ал айыл чарбасындагы алдыңкы адистердин бири болуп саналат. Анын ишмердиги өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана жарандардын бакубатчылыгын жакшыртууга чоң таасирин тийгизген. Өмүр бою айыл чарбасынын финансы-экономикалык кызматтарын жемиштүү аркалап келди.
Айрыкча суу чарбасы – айыл чарбасында өтө татаал жана өтө маанилүү тармак. Муктар Кожонтаевич ушул тармактын финансы жана экономикалык иштерин ийне-жибине чейин өздөштүрүп, анын натыйжасына жетишүү үчүн болгон аракетин жасаган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында Чүй облусунун айыл чарбасы өлкө экономикасынын маанилүү тармагы, облустун гана эмес өлкө калкынын бакубатчылыгы үчүн олуттуу таасирин тийгизет. Чүй облусу мамлекеттин 10%дык аймагын ээлеп турганына карабастан, өлкөнүн айыл чарба дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгү менен камсыз кылат. Анын ичинде дан эгиндери, кант кызылчасы, картошка, жашылчалар, мөмө-жемиш менен камсыз кылып келет. Мына ушундай дүң өндүрүү жогору болгон аймакта сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо негизги милдеттерден.
Өз кесибине берилген инсан таза, ак эмгегин өмүр бою ушул тармакты алдыга жылдырууга арнаган. 1986-жылы Фрунзедеги союздук, «Главкиргизводстрой» башкы башкармалыгында ревизор болуп жумушка кирген. Андан кийин 1988-жылы Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин борбордук аппаратына финансы, эсеп-аудит башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп которулат. 1996-жылы аталган башкармалыктын жетекчиси болуп дайындалып, азыркы күнгө чейин үзүрлүү эмгектенүүдө.
Кесипкөй адистин Чүй жергесинде суу тармагынын өнүгүүсүнө жана ирригациялык курулмалардын сакталып калышына кошкон салымы зор. Улам жаңы доорлор алмашканына карабастан, анын эмгеги дайыма бааланып, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болуп турган. Кызматтагы жетишкен ийгиликтери жана артыкчылыктары үчүн ар бир иштеген ишкананын Ардак грамоталары, Дипломдору менен сыйланган. 2001-жылы «Айыл чарбасынын отличниги», 2008-жылдын июлунда «Суу чарбасынын мыкты кызматкери», 2017-жылдын август айында Финансы министрлигинен «Финансы кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
2020-жылдын апрелинде Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын «Кеменгер» төш белгиси, 2021-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кандай гана кызматтарда иштебесин ал өзүн тажрыйбалуу, теориялык жана методикалык жактан такшалган адис катары көрсөтө алган. Ошол эле учурда агымы күчтүү жаш адистерге дайыма насаатчылык кылып келет.
Муктар Кожоналиевич – жогорку квалификациялуу, демилгелүү, өз милдеттерине ак ниеттүүлүк менен кызмат кылган адам. 50 жылга жакын эмгек жолунда өзүн дайыма кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кызматкер катары көрсөтө алган. Уюштуруучулук жана демилгечилик жөндөмдүүлүгү менен бардык тапшырылган милдеттерди так аткарып келди. Өлкөбүздүн келечегин ойлоп, ар дайым жигердүү иш-аракеттин үстүндө жүрдү.
Бараандуу финансист Муктар Дүйшеев – мамлекеттик ишти коомдук өнүгүүдөн ажыратпай караган асыл сапатка, ички даанышмандыгы менен айкалышкан ак сөөктүк парасаттуу сүргө, мамлекеттик кызматтагы эмгекке болгон зор сүйүүсү менен кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ жана аларды ар дайым мамлекеттик этиканы сактоого чакырган инсан.
Тамара Абылкасымова
Посткриптум: Сегиз бир туугандын улуусу катары аларга ата ордуна ата болуп, окутуп жогорку билимдерге ээ кылып, баарын жөлөп-таяп бутуна тургузган – атанын ордун баскан алтын адам. Бүгүнкү күндө 1 уул, 2 кызды, 9 неберени татыктуу тарбиялап жатат. Бекем ден соолуктун кемер курун курчанып, берекелүү өмүрдүн ак таажысын кийген бакубат жаш каалайбыз.