"Эркин-Тоо"

Айыл эли таза суу менен камсыз болушат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салды.

Жылдын аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландалууда. Бул мектеп ачылса 3 чакырымдан ашык алыс жайгашкан коңшу айылда билим алып жатышкан окуучуларга шарт түзүлөт.

Андан кийин Акылбек Жапаров ушул эле райондогу ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты. Аталган райондун жашоочулары ичүүчү суунун жоктугу боюнча бир нече ирет кайрылышып, маселени чечүү үчүн республикалык бюджеттен 68 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан 200 метр тереңдиктеги артезиан скважинасы казылып жатат. Иш аяктагандан кийин 4 500дөн ашык адам таза суу менен камсыз болот.

“Эркин-Тоо” пресс
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!