Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмер, экономика илимдеринин доктору Айылчы САРЫБАЕВ.
Профессор, Экономика жана финансы институтунун ректору, “Акты ак, караны кара деш керек” деген Айылчы Сарыбаев менен өлкөдөгү экономиканын күңгөй-тескейи жана учурдагы орчундуу маселелер боюнча ачык маек курдук.Айылчы Сарыбаевич, Кыргыз мамлекетинин эгемендүү өлкө болгонуна быйыл 30 жыл болот. Бул аралыкта өлкөбүз эмне деген тагдырларды башынан кечирген жок… Андыктан, 30 жылдык тарыхта орун алган экономика тармагынын күнгөй-тескейине саресеп салсаңыз…
Ооба. Мындан 30 жыл мурда кичинекей Кыргыз Республикасы саясий эркиндикке жетип, бирок, дүйнөнү титиреткен зор империядан айрылдык. Коргоочусу жок калдык. Жетим улакка окшоп ар кайсы мамлекеттерге телчигенге аракеттендик. Анткен менен алар бизди теӊсинбей коюшту. Ошол империянын курамында өзүбүздүн территориябыз, борбор шаарыбыз, желегибиз, гимнибиз, мамлекеттик тилибиз болгон. Болгону ошолорду эле бир аз кыргыздаштырып өзгөрттүк. Элчилер пайда болду. Алар келип, “Силер такыр эле артта калыпсыӊар”,- деп окутумуш этип, ар кандай деӊгээлдеги эл аралык аферисттер түрдүү кылык-жоруктарга үйрөттү. Жада калса мыйзамыбызды да жоруктар деп атаганга жетиштик. “Муну кылсаӊ беребиз”,- деген гранттар, кредиттер өндүрүшү өнүккөн өлкөлөрдөн өндүрүшү жокко эсе бизге берилип олтуруп, карызы калыӊ өлкөгө айландык. Калкыбыздын көпчүлүгүн кары-картаӊ, оорулуу, бала-бакыра, ишсиздер менен милициялар түзүп калды. “Дини жок кантип мамлекет болсун? Сакал коюп кепич кийсеӊер, мектепти таштап мечитке барсаӊар. Дини кара деп ата-энеӊерди сөксөңөр, тиги дүйнөдө очереди жок бейишке чыгасыӊар”, -деген өз эли-жерине батпаган, баш айланткан түрдүү дин эмиссарлары да келе баштады.
Албетте, глобалдаштыруу заманында жана Дүйнөлүк соода уюмуна киргенибизге, БУУга мүчө болгонубузга байланыштуу уруксат берген өлкөлөрдүн баарына барып келүү мүмкүнчүлүгүн алдык. Окуганы окуп, тентигени тентип кетти. Түрмөдө жаткандардын саны армиябыздын санынан көп болду. Милициялардын саны менен кесилип келген жана кесиле тургандардын кезегинде турган бандиттерибиздин саны теӊелди. Бирок, мактанганыбыз мактанган. Ар жылы күзүндө “бизге баланча жыл болду”, — деп жакшы жаманы аралашып Ала Тоо аянтына батпай дүйнө жүзүн шаӊга бөлөйбүз. Агын да, сарысын да, карасын да кыргыздан тарады кылып, дүйнө элдеринин сапатын жакшырттып баарын арий кылдык.Семиздерин элита, арыктарын элита эмес деп элибизди, мектептерибизди экиге бөлдүк. Ууруларын баатыр практиктер деп, аларды окуткан мугалимдерди теоретиктер деген жаӊы түшүнүк ойлоп таптык. Мунун баары экономиканын жакшы жаманына байланыштуу болот. Экономиканын абалын кийген киймибизди, жеген тамагыбызды, минген машинебизди, курулуштардын материалдарын ж.б.у.с. толгон токой майда-чүйдө чарба товарларына чейин кайдан жана кайсы өлкөдөн келгенин көӊүл бөлүп карасак эле билип алабыз. Демек, Садыр Жапаров ушундай өлкөгө президент болгонго белсенгени көптөгөн суроолорду жаратат. Эми Президенттин тегерегине кандай кадрлар топтолсо ошого жараша көйгөйлөр чечилет. Кыргыздар “Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт” дешет. Андыктан, Садыр Нургожоевичтин өз акылы өзүндө. Кайсы тармактан эмне кылыш керек экени айтылып да, жазылып да ашмалтайы чыгып бүттү. Эми ошолорду уюштуруп, туура багытты тандап алып кетүүсү зарыл.5-майда эл колдоп берген жаңы Баш мыйзамга Президент кол койду. Буга сиздин оюңуз кандай?
Илгертеден эле бизде Президент мамлекет башчысы бирок, өкмөт башчысы эмес, Премьер-Министр өкмөт башчысы бирок, мамлекет башчысы эмес, ошондуктан мамлекетте башкаруучу жок деп айтып келгем. Баары теӊ формалдуу болчу. Бул да болсо мамлекеттик тарыхыбыздын жоктугунун кесепети. Кыргыз деген атты алып жүрүүнүн жана Кыргыз Республикасы деген мамлекет болуунун эки башка мааниси бар. Азыркы Конституция ушуну оӊдоду. Кыргыз Республикасынын башкаруучусу бар деген маанини киргизди. Мурункулардан айырмасы ушул болду.
Кумтөр ишканасы боюнча чыккан соттун чечими боюнча кандай ойдосуз?
Кумтөр боюнча туура маселе козголду. Коркуунун кереги жок. Кыргыз Республикасынын кээ бир адамдары «Кумтөр боюнча соттун чечими инвестиция тартууга тескери таасирин тийгизет», — деп эл аралык мафиоздордун синдикатынын таламын талашканын окуп таӊ калдым. Менимче, соттун чечими туура жана адилеттүү. Бул чечим азыркы мезгилде аябай күч алып жаткан дүйнөлүк экология боюнча чоӊ саясатка туура келет жана аны ишке ашыруунун бир көрүнүшү. Ал тургай биздин соттор да туура чечим чыгара ала турганына баа бердим. Бул соттун чечими экологияны гана карады. Калган Кумтөрдөгү финансылык афераларды тергөө жана соттоо али алдыда жатат. Бул проблемаларды Кубанычбек Исабеков ийне жибине чейин изилдеп чыгып сотко ашырууга даярдап берип койгон.
Учурда Кумтөрдүн иши токтобой эле жүрүп жатат. Андыктан, келечекте “Кумтөрдү өзүбүздүн эле бизнесмендер иштете алышат”, — деп ишенесизби?
-Албетте. “Өсөөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт”, — демекчи, жат элден келген инвесторлордун көзүн карабай ички инвесторлорубуздун көзүн караганыбыз оӊ. Кыргыздардан чыккан бизнесмендер алтын кендерди иштетсе жарашпайбы? Жарашат… Мына эми Кумтөр боюнча чыккан соттун чечиминен соң “Кыргыздар мыйзамдашкан эл тура. Бизнести мыйзамы коргойт экен”, — деп тескерисинче, сырттан башка инвесторлор да көбүрөөк келет. Ылайым, ушундай туура чечимдер көп болсо экен. Бирок, Тоо-кен өнөр жайы кайра калыбына келбеген бир жолку кирешелерге кирет. Алар деле түгөнөт. Артын ойлоп калган катканын жакшыраак пайдаланып, жалпы экономикабыздын өнүгүшүнө жардамы тийгендей кылуу керек.
-“Өлкөдө Кумтөрдөн башка коррупциялашкан ири тармак” деп кайсы тармакты да атай аласыз?
— Кумтөрдөн да алда канча зор коррупцияланган элдин баарын кырылыштырган энергосектор деген бар. Жол курулушунда эч нерседен кайра тартпаган ташын таштай, смоласын смоладай сугунган жегичтерибиз бар. Орун басары парага 500 миӊ доллар сураса Министр менен Премьер Министри же Президенти анын оозун карап олтурмак беле? Аларсыз коркпой пара сураган замды укпасак керек. Алардан түшкөн акчаларды кантип өз чөнтөгүмө буруп алсам деп көзүн кызарткандар мите курттай ар кайсы амалдар менен элдин башын айлантып кара тумоо баскансып каптап турат. Ошолордон кутулуунун жолун табуу зарыл. Жакында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “көмүскөдөгү энергияны көрсөтпөй пайдаланган компанияларды таптык”, — деп бир нечесинин атын атады. Бирок, келтирген зыяндын көлөмү, пайдаланган энергиянын көлөмү айтылган жок. Алар айсбергдин чокусу эле. Тулку бою дагы эле көрүнгөн жок. Экинчи дүйнөлүк согушта фашистерди деле жеӊбедик беле?! Эмнеге укук коргоо органдары араӊдан зорго ошолордун атын атады. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарсак эле тышкы карыздан оӊой кутулабыз. Жанагы эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болуп “тышкы карызды элдин эсебинен төлөтөлү, мен деле пенсиямды берем”, — деген лжепатриотторду ээрчибешибиз керек. Элди курулай дарбытпасын. Жерибизди деле, суубузду деле бербейбиз. Ошолорду эле жакшылап биргелешип иштетип кетсек болот.
-Жакында эле Президенттин Жарлыгы менен 19 райондун акими башка райондорго ротация болуп, 18 аким жаңы дайындалды. Ушул боюнча кандай көз караштасыз…Жогорудагы айтып жаткан көйгөйлөрдү чечиш үчүн албетте, жолго коюлган кадр саясаты керек. Бүгүнкү кадрлар резерви, анын комиссиясы, ротациялоо дегендер шоона эшпеген саясат. Акимдер которулуп барган жерлерде деле толтура кошоматчылар, паракорлор жана пара берүүчүлөр болот. “Жаӊы аким президенттин кишиси экен”, — деп жанталашып пара бербей коет деп ким кепилдик бере алат? Бергенде да кандай берет. Көнүп алгандар олчойтуп берет.
Айылчы Сарыбаевич, учурда чек ара маселеси да орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Бул тууралуу эмне дейсиз?
Өл тирил. Бирок, чек ара маселесин чечиш керек. Чек араӊ бүтүн болбосо, ачык жеринен контрабанда, наркотик, курал-жарак, ар кандай бандиттер, радикалдар тынбай өтүп, андай өлкөдө эч качан тынчтык болбойт. Сакалчандар Нарынга чейин жетип Университет ачып жаткан өлкөдө Афганистан синдрому жок деп ким айта алат? Бир кезде союздук республикалардын, анын ичинде Орто Азия республикаларынын ичинен жетишкендиктери менен айырмаланып турган өлкөбүз туӊгуюкка түшүп баратканын аӊдабайбызбы… Чек араны чептей бекитип, элибизди артка аӊга эмес, алдыга жарыкка сүйрөбөсөк кантип өнүгөбүз?
Ошол өнүгүүнүн жолун айтып берсеңиз. Канткенде өнүгөбүз. Сизде жакшы үмүт жана ишеним барбы?
Учурда “мен жакшы иш кылдым, мал бактым, эгин айдадым, окууну бүттүм”, — деп мактанбай, “намазга жыгыла баштадым”, — деп мактанышат. “Президентиӊер ким?” — десе ал окумуштуу, эл башчы же кол башчы дебейт, “эл менен кошо аянтка барып намаз окуган инсан” дешет. Ошентип, тоӊкоӊдоп намаз окуп жатып оӊкобуздан кетип жатканыбызды байкабайбызбы?! Менин ата-энем экөө теӊ кудай деген адамдар болгон. Мен дагы үй-бүлөм менен кудай деген адамдарбыз. Бирок, Мухамед Пайгамбардын “эӊ биринчи окуу” деген сөзүн биринчи орунга койгон үй-бүлөбүз. Андыктан, жалпы эл-журтка жарыкчылык, билимдүүлүк, ден соолук жана аманчылык тилейм. Билимдүүгө дүйнө жарык. Буйруса, окуунун, билимдин жардамы менен эл-жерибиз бул туӊгуюктан сөзсүз чыгат деп ишенем.
Жазгүл КАРБОСОВА

