Өлкөнүн 5 аймагында бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү пландалууда. Парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети тиешелүү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар айылдардын аты өзгөрөт.