"Эркин-Тоо"

Айылды таза суу менен камсыздоого берилген акчаны менчиктеп, качып жүргөн жаран кармалды

Айылдардын бирин таза суу менен камсыздоого берилген акча каражатын өзүнө ыйгарып алууга шектелип Чүй облусунун жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалымака ылайык, П. Д. аттуу жаран 2004-жылы “КВТ” аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдун директору кезинде, компания айылдарды таза суу менен камсыздоо департаментинин тендердик комиссиясынан утуп чыккан. Ал компания Жайыл районунун Кожомкул айылын таза суу менен камсыздоо тутумун курмак.

Бирок КВТ компаниясы таза суу менен камсыздоо тутумун курбай, акчаны менчиктеп алып, мыйзамды одоно бузууга барган. Андагы материалдык чыгым 8 млн сомду түзгөн. Компания жетекчиси изделип жаткан.

Кармалган жаранга кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгондугу маалымдалды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин менен ага эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу бөгөт чарасы тандалды.