"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Айып пул төлөбөгөндөр мүлкүн каттата албай калышы мүмкүн

Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн жарандардан карызды өндүрүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү долбоор коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, айып пулун убагында төлөбөгөн айдоочулар кыймылдуу же кыймылсыз мүлкүн каттата албайт жана кайра каттоого да мүмкүнчүлүгү болбойт. Башкача айтканда, сата албайт же сатып ала албайт. Ошондой эле ал жарандарга лицензия жана уруксат кагаздарын берүүгө тыюу салуу каралууда.

Министрликтин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын жети айында 850 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Алардын 23 пайызы айып пулун төлөбөй жүрөт.