"Эркин-Тоо"

Айып пулдун өлчөмү 300 сомго түшүүсү мүмкүн

Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин Укук коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Минстрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Эскерте кетсек, бул  сунушталып жаткан мыйзам долбоору жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдун  өлчөмүн азайтуу максатында иштелип чыккан. Ага алайык айрым эрежерди бузган айдоочулар айып пул салуу жөнүндө буйрук түшкөн күндөн тартып 15 күндүн ичинде акчаны  төлөсө, айып пулдун өлчөмү 70 пайызга кыскарып, 1000 сомдун ордуна 300 сом төлөйт.