Айзада ТУМАКОВА: “МЕКЕНИМЕ АТАМДЫН БИР СӨЗҮ БАЙЛАП КОЙГОН”

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын примабалеринасы Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайды аяктаган. Ал кесибинин ак кар, көк музунан жалтанбай өтүп, нечен оор сыноолорго кайышпастан өнөр дүйнөсүндөгү өзү эңсеген бийиктикке жете алган бирден-бир өнөрпоз десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күндө аталган театрда жаш бийчилерге устаттык кылып, башкы балетмейстер болуп эмгектенип келет.

“ЖЕТИ ЖАШЫМДА ӨЗГӨНДӨН ТАНДАП АЛЫП КЕТКЕН”

Атам милиционер, апам медицина кызматкери болгон менен экөө тең чыгармачылыкка жакын адамдар. Фрунзеде жашап жүргөнүбүздө ээрчишип алып операга, куурчак театрына барып жүргөнүбүз эсимде. Кийин атам Ош облусунун Өзгөн районуна жумушу боюнча которулган соң, баарыбыз көчүп бардык. Мен биринчи классты орус мектептен окуп, эжем болсо кыргыз мектептен окуусун улантты. Сабагымды окуп бүтүп бош убактым болуп калганда, полдогу тактайлардын жүлгөлөрүн белги кылып, сызыкчадан ары өтүп кетпешим керек деп, бутумду чоё берчүмүн. Теледен муз бийин аткарып жаткан жуптарды, жигит кызды ыргытканда кыз айланып-айланып келип, музга конгон кезин көргөндү жактырчумун. “Апа, иним экөөбүздү Москвага окууга жиберчи, Айткул экөөбүз ушинтип бийлейбиз” дей берер элем. Бир күнү топураган адамдар классыбызга кирип келип, мугалимибиз менен “балет, балет” деп сүйлөшүп жатышты. Баарыбыздын бутубузду чоюп текшерип бүтүп, менден “балетке окуйсуңбу?” деп сурады. “Албетте окуйм!” деп жооп бердим. “Анда Ленинграддагы А.Я.Ваганова атындагы балет мектебине алып кетебиз” дешти. Мен сүйүнүп жатсам, атам “кайдагы Ленинград?” деп абдан каршы турду. Бишкектеги балет мектебинин директору Өзгөн районунун биринчи секретарына менин фамилиямды берип, дайындап коюптур. Бир күнү атамды чакыртты. Атам чочуп “мени эмнеге чакырды же пара албасам, эмне ката кетирдим эле” деп сарсанаа болот. Барса “кызыңыз барбы?” деп сурайт. “Ооба, кайсынысы, эки кызым бар” дейт. “Кимисин балетке тандап алышты эле, Фрунзеге жиберишиңиз керек” десе “мейли, мейли, балет болсо барсын” деп макулдугун берип ийген экен атам.

“ЧЫДАБАЙ, ОКУУМДУ ТАШТАЙМ ДЕДИМ”

Ошентип, Фрунзеге келдим. Биринчи окуу жылы бүтөйүн деп жатканда, мугалимдер “жакында Москвага барасың, азырынча эч кимге айтпай тур” дешти. Мен болсо башымды ийкеп койдум. Күзүндө окуу башталганда сентябрдын алты-жетилеринде атам экөөбүз Москвага жөнөдүк. “Эми эмне болот, кечигип калдык” деп ичимден капа болуп жаттым. Барсак, балет мектебинин директору атама “роза гүлүн алып келиңиз” деген экен, атам экөөбүз гүл издеп жүрөбүз. Москвада розалар кымбат, базарга барсак бир грузин машинасынын аркасы толтура узун-узун сонун розаларды сатып жатыптыр. Гүлдү алып директордун кабинетине кирдик, мен кичинекей баламын да, кабинеттеги аппак роялды, түркүн вазаларды таңыркай карап тура бердим. Мени текшерип, “эң мыкты даярдык менен келиптирсиң, кызым, кайсы класска киргиң келет” десе мен каадаланып “Кыргызстандан биринчи классты бүтүп келдим, экинчиге кирем” дедим. Көрсө, мыкты окуткан мугалимге туш болуптурмун. “Балеттин анатомиясы” деген сабак өтүлчү, адам денесинин түзүлүшү, сөөк, муун жөнүндө баарын кылдат окутуп үйрөткөн. Экинчи жылды бүтүп жатканда экзаменде мага “5” деген баа коюшту. Үч класстын ичинен Москвалык бир да бала беш албайт, алыскы Кыргызстандан келген кыз мыкты баа алыптыр деп окуу жай дүңгүрөдү. Төртүнчү класска барып калганда окуу улам оор боло баштады. Бир күнү атама телефондон ”ата, сагынып чыдай албай калдым, окуумду таштагым келип жатат” дедим. “Келем десең кел, бирок, өзүң уят болосуң. Анткени, сенин балетте окуп жатканыңды элдин баары билет” деди атам. “Элдин баары…” деген сөз мени токтотту.

«АКАЕВДИН КӨРСӨТМӨСҮ МЕНЕН ҮЙЛҮҮ БОЛГОМ»

Он жети жашымда окуумду аяктагандан кийин Америкага, Японияга иштегим келди. Атаэнеме гастролго кетем десем, “бизге учурашып коюп кете бер” дегенинен учуп келдим. Көрсө мени алдап чакырып алышыптыр. Ата-энемдин жанында эки ай болдум. Айылда эс алып жүрсөм эле бир күнү кайдан-жайдан мени таап, Бишкекке ошол кездеги Маданият министри, белгилүү бийчи Чолпонбек Базарбаев чакырткан экен, ата-энем үчөөбүз борборго келдик. Ал бизди кабыл алды. “Эң негизгиси башкы ролдорду ойно, беш жыл бийлесең үй аласың” деди. Ата-энем баш ийкеп кубанып отурушат, а мен маани берген жокмун. Он жети жашта болсом менде эмненин санаасы? Базарбаев биздин көзүбүзчө Ак үйгө телефон чалып, Москва-Бишкек каттамына билет алганга тапшырма берди. Анткени, окуу жайдагы дипломумду алганга үлгүрбөй келе берген элем. Орусияга барып, дипломумду алгандан кийин “кайра кетпей эле койсомбу” деген балалык ой кетти. Бирок, баары бир кайрылып келип, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан эмгек жолумду баштадым. Театрга кирерим менен биринчи категориядагы бийчи болуп, башкы ролдорду ойнодум. 2001-жылы 25 жашымда “Эмгек сиңирген артист” наамын алып, 2002-жылы Кыргызстандын туңгуч президенти Акаевдин көрсөтмөсү менен үйлүү болдум.

“БУТУБУЗДУН КАНАГАНЫ ПУАНТТЫН СЫРТЫНА ЧЫГЫП КЕТЧҮ”

Театрга алгач келгендеги экинчи ролум “Жизель” спектаклиндеги баш каарманды ойнодум. Он сегиз жаштамын. Актёрдук тажырыйба жок. Ролумду Рейна Чокоева менен даярдадым. Рейна эженин мүнөзү катуу эле, жалкоо адамдарды жактырчу эмес. Пуантты кийип айланганда бутумду өйкөй берип жоор болуп кетчү. Жаның кыйналганынан бийлегиң келбей калса “дагы жасайсыңбы?” деп мени сынап сурап калат. “Жок, бийлебейм” десем ачууланат. Кайра дароо “бийлейм” дейм. Ошентип, таңдан-кечке кайра-кайра репетиция кылып жатып байкабай калган экенмин, бутум канап, пуанттын сыртына чыгып кетиптир. Ошол кездеги балетмейстер Уран Сарыбагышев акырын басып келип “Рейна, кызды кыйнабай коё бербейсиңби эми” деп эжеге шыбыраганы эсимде. Өзүнүн катуулугу, эмгекчилдиги, талап коё билгени менен балет өнөрүнүн ачуу-таттуусуна даярдап, азыркыдай деңгээлге жеткиргени үчүн устатым Рейна Чокоевага абдан ыраазымын.

“ЖАШЫРГАНДА ЭМНЕ, ЖАШ КЕЗДЕ КЫЗГАНЫЧ ДА БОЛДУ”

Жолдошум Эмил Акматов Санкт-Петербургдагы А.Я.Ваганова атындагы Орус балет академиясынан окуп бүтүргөн. Окууну бүткөн соң театрга келип иштеп жүргөндө таанышып, баш кошконбуз. Тажырыйбалуу, билимдүү, театрдагы алдыңкы бийчилердин бири. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. Башкы каармандарды чогуу ойнодук. Албетте, жашообузда кызганыч деле болду. Театрда кыз-жигиттер көп эле, биз да жаш элек. “Бирөө сени карап койду, тиги менен бийледиң” деген майда-чүйдө таарынычтар кээде боло калчу. Репетиция убагында сүйүүнү көрсөтүш үчүн кучактап, сүйүү толгон көздөр менен караш керек эмеспи. Жолдошумду сүйүп карабай койсом, балетмейстер таарынышканыбызды байкап калат деп, сүйгөн көз менен тигилип коёт элем. Азыр эки кыз, бир уул, бир жээн неберебиз бар. Үч балабыз тең балет өнөрүн тандаган. Улуу кызым кийин кесибин алмаштырды. Учурда кичүү кызым Кыргызстанда, уулум Мосвада балет өнөрү боюнча билим алып жатат.

“БАЛЕТМЕЙСТЕРДИН МЭЭНЕТИ ООР”

Беш ай мурун башкы балетмейстер болуп дайындалдым. Ичинен эмнеге гана бушайман болбосун, балетмейстер окуучуларына жакшы маанайды гана көрсөтүшү керек. Антпесе, убакыт текке кетип, спектаклдин даярдыгына зыян тийгизет. Жумуш чынында оор, тер төгүп, мээнет кылганды талап кылат. Ушул 40-45 жашта иштегиң келип күйүп-жанып турат окшойсуң. Өзүң билген нерсеңди бергиң эле келип турат экен. Сен жасаган, билген нерсени баары жасашын каалайсың. Албетте, азыр балет өнөрүндөгү жаштар чет өлкөгө чыгып кеткен учурлар аз эмес. Алардын көбү таланттуу, билимдүү. Бөтөн жактан билимтарбия, акча, баарын таап жатышат. Бирок, алар мекенинин алдында карыз экенин, өз элине келип кызмат кылышы керек экендигин эстерине алышы керек деп ойлойм. Мен дагы жогоруда айткандай, башка элдин театрларына кетким келгенде атамдын мага айткан бир сөзү мени Кыргызстанга байлап койгон. “Кайда сенин мекенчилдик сезимиң? Үйрөнгөн жакшы нерсеңди өзүңдүн элиңе беришиң керек” дегенде, мекениме ак кызмат өтөшүм керек экенин түшүнгөм.

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Афина БАКИРОВА

error: Content is protected !!