"Эркин-Тоо"

Айжаркын БОРОНБАЕВА: “Быйылкы окуу жылы жемиштүү болду”

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу №12 Отуз-Адыр орто мектебинин директору Айжаркын БОРОНБАЕВА

— Айжаркын Улукмановна, быйылкы окуу жылында кандай жетишкендиктер болду, кененирээк токтоло кетсеңиз.

— Үстүбүздөгү жыл биздин мектеп үчүн жемиштүү жана ийгиликтүү жыл болду. Сөзүм куру болбосу үчүн жетишкендиктерибизге токтоло кетейин. Айыл өкмөттүн жана айыл жаштарынын жардамы менен 2022-2023-окуу жылына карата 6,5 млн сом сарпталып, кичи футбол аянтчасы курулууда жана 100 000 сом жумшалып айнектерезелер жаңыланды. Андан сырткары демөөрчүлөрдүн жардамы менен 110 000 сомго 17 даана видео көзөмөл, 367 000 сомго айнек-терезелер орнотулду жана 320 000 сомго мектептин үстүңкү чатыры жаңыланды. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 21 компьютер, 6 проектор берилди. Мугалимдер 98% ноутбуктар менен камсыз болушту. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу максатында ар түрдүү мастер-класстар өткөрүлдү. Президенттин Жарлыгынын негизинде “Бир окуучу – бир көчөт” акциясы колдоого алынып, мектептин айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында мөмөлүү дарактар жана гүлдөр отургузулду. Мектептин көмөкчү чарбасына биогумус жана жашылчажемиштер боюнча парник уюштурулду. Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан “Билерман ордо” жана “АкылМэн” интеллектуалдык акыл таймашы уюштурулуп, биздин “Билермандар” командасы 1-орунду ээлеп, райондук турга жолдомо алышты. Жалпысынан айтканда окуу жылын ийгиликтүү аяктадык.


Окуу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек АБДУРАСУЛОВ:

“Тарбия берүүгө өзгөчө көңүл бурабыз”

— Майрамбек Хакимжанович, акыркы күндөрү интернет айдыңында айрым мектептердин окуучуларынын жүрүм-туруму талкууга алынып, тарбиялык иштерди бекемдөө керек деген пикирлер айтылып жатат. Сиздердин мектепте тарбиялык иштер кандай жүрөт?

— Туура айтасыз. Биз балдарга билим берүү менен катар жакшы тарбия бергенге да көңүл бурабыз. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү тарабынан бул окуу жылы “Мектеп, ата-эне, коомчулук менен кызматташуу аркылуу окуучуларды улуттук нарктуулуктун негизинде тарбиялоо жана билим сапатын жогорулатуу жылы” деп жарыяланган болчу. Ошондуктан мектепте ата-энелер мектеби уюштурулуп, сабактар өтүлүп турду. Окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында ар бир предмет боюнча жумалыктар, сынактар, КВН, тегерек-столдор, ачык сабактар жана диспуттар уюштурулду. Окуучулардын арасында кылмыштуулуктун, зордук — зомбулуктун, суициддин, рэкетчиликтин, терроризмдин жана диний экстремизмдин алдын алуу максатында бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. «Зордук-зомбулукка каршыбыз» акциясы, «Тамеки өмүргө зыян», «Аракечтик – улутту жок кылат», «Рэкетчиликбул кылмыш» деген темаларда иш-чаралар өттү.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу №12 Отуз-Адыр орто мектеби

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№43 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 30-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!