Ош шаарында 20 жылдык бүтүрүү кечесинен кийин күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн Айзирекке байланыштуу социалдык тармактарда мазактаган пост жазган блогер Айбек Уланов камакка алынды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.
Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси — улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу боюнча айып тагылууда.
Буга чейин Уланов милицияга жеткирилип, кечирим сураган, бирок коомчулук бул окуяга мыйзам чегинде жооп болушу керектигин талап кылып келген.

