"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Айзирекке байланыштуу талаштуу билдирүү үчүн блогер Айбек Уланов камалды (видео)

Ош шаарында 20 жылдык бүтүрүү кечесинен кийин күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн Айзирекке байланыштуу социалдык тармактарда мазактаган пост жазган блогер Айбек Уланов камакка алынды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси — улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу боюнча айып тагылууда.

Буга чейин Уланов милицияга жеткирилип, кечирим сураган, бирок коомчулук бул окуяга мыйзам чегинде жооп болушу керектигин талап кылып келген.