"Эркин-Тоо"

«АК АЛТЫНДЫН” ТҮШҮМҮ ЖАНА ТҮЙШҮГҮ

Берекелүү күз эшик кагып, дыйкандын жайды жайлата иштеген мээнетинин үзүрүн көрө турган учуру келди. Союз учурунда Кыргызстанда өндүрүлгөн пахта стратегиялык жактан маанилүү продукция катары эсептелчү. Ошону менен бирге түйшүгү дагы мол болчу. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө пахта өстүргөн аймактагы фермер-дыйкандар дагы деле ошол түйшүктөн арыла элек. Мамлекетибизде пахтаны өстүрүү, аны экспорттоо боюнча туруктуу саясат жок экен. Дыйкан өз түйшүгү менен, мамлекеттик тиешелүү министрликтер статистикалык маалыматтарды топтоо менен убара. Туура, Өкмөт айылдык продукция өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген шартта кредит, үрөн берип жатат. Бирок, өндүрүлгөн продукция сатылбай турса, жеңил кредиттен не пайда?

Быйыл пахтанын түшүмдүүлүгү мол болуптур. Бирок, жылдан-жылга пахтанын аянты кыскарып, баасы төмөндөп баратыптыр. Мунун бир гана себеби – мээнет акталбай жатат.

Пахтазарлуу өрөөнгө кирген Базар-Коргон районунун агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыр Жолчуевдин айтканына караганда, пахтага болгон баанын арзандыгынан райондогу атайын пункуттарда өткөн жылдан калган 1100 тонна пахта буласы сатылбай турат экен. Ошондуктан, быйыл пахтанын аянты 500 гектарга азайып кетиптир.

«Өткөн жылдары пахтанын 1 килосу 100-110 сомдон сатылса, 2022-жылы 50-60 сомго түшүп кетти. Көптөгөн дыйкандар заводго тапшырган пахтасынын акчасын ушул күнгө чейин ала элек. Азыр райондун заводдорунда 1100 тонна пахта буласы сатылбай калгандыктан, Өзбекстан менен Түркияга пахта сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Айыл чарба министрлигине кайрылууга аргасыз болдук», — дейт А.Жолчуев.

Жалал-Абад облусунда бир топ жылдан бери ишкердүүлүк жүргүзүп келген “БиоФермер” айыл чарба кооперативи аймакта экологиялык жактан таза, органикалык пахта өндүрүп, экспортко чыгарган атайын эл аралык деңгээлдеги сертификатка ээ болгон республикадагы бирден-бир компания болуп эсептелет. Алардын максаты – айылдык дыйкандарга күздөгү түшүмдүн эсебинен үрөн берип, өндүрүлгөн продукцияны кымбат сатып алып, Германияга экспорттоо. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан уюштурулган конкурста “Био Фермер” айыл чарба кооперативине “Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру – 2018” сынагынын жеңүүчү сыйлыгы бекеринен берилген эмес. Бирок, акыркы жылдарда аталган компания тарабынан пахтаны экспорттоодо бир топ маселелер жаралып жатыптыр.

—   Биз негизинен Германиянын ишкерлери менен кызматташып, алардын талабына жооп берген дүйнөлүк стандарттагы пахта буласын жөнөтүп турабыз. – дейт “Био Фермер” кооперативинин башчысы Нурбек Канназаров. –Дүйнөдөгү санкциялык процесстер биздин ишибизге дагы кедергисин тийгизди. Европадагы пахтаны кайра иштеткен заводдор токтоп калды. Кызматташуубуз бүлгүнгө учурады. Былтыркы өндүргөн пахтабызды сата албай, кечээ жакында аргасыз арзан баада саттык. Ошону менен бирге дыйкандардын өндүргөн продукциясынын акчасын убагында бере албай кыйналдык. Кооператив бир топ чыгымга учурап калды. Бир жагынан пахтага болгон баалар дыйкандарды канааттандырбайт. Быйыл килосу 60 сомдун тегерегинде болуп турат. Экинчи жагынан өндүргөн продукцияны сатып алуучу кардар жок. Былтыр 1100 фермерибиз болсо, быйыл 500гө кыскарттык. Биздин, өндүргөн пахтабыз Германиянын эки башка лабораториясынын текшерүүдөн өтүп, тастыкталган дүйнөлүк стандарттарга жооп берген сапаттуу продукция. Андыктан, арзан сатуу биз үчүн өтө оор маселе.

Нурбек мырзанын сөзүндө калет жок. Эгерде дүйнөлүк станддарттарга төп келген сапаттуу продукция өндүрүп жатса, эмне үчүн арзан сатышы керек?! Буга элден мурда Айыл чарба министрлиги кызыкдар болушу кажет.

Дагы бир көйгөй – Кыргызстанда органикалык продукция боюнча мыйзамдык база экен. Бирок, “Био Фермер” компаниясынын башчысы,   “мыйзамдын пайдасын органикалык өндүрүшчүлөр көрө элек”, дейт. Мыйзамдын негизинде продукциясын экспортко чыгарган   органикалык өндүрүшчүлөр үчүн Өкмөт тарабынан эл аралык сертификацияга төлөө үчүн гранттар же субсидиялар көрсөтүлсө  жакшы болмок экенин баса белгилейт ишкер.  Эл аралык деңгээлдеги сертификат алыш үчүн Германия, Турциядан эксперттер келишип, жердин катмарында, пахтада химикаттар жокпу, барын атайын лабораториялардан эки иреттен текшеришип, анан тастыктоо кагазын беришет экен. “Сертификат алыш үчүн ири суммада акча  төлөйбүз” дейт ишкананын башчысы. Мына ушундай түйшүктөн арылтууга мамлекеттин камкордугу жокко эсе экен. Ошол эле учурда Президент Садыр Жапаровдун “жашыл экономика” экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүү боюнча демилгесине шайкеш келген мыйзам эмнеге иштебейт? Түшүнүү кыйын.

Айыл чарба министрлигинде пахта продукциясын стратегиялык жактан маанилүү товар кылууга туруктуу саясаттын жоктугунан ар ким өз арбайын тартып жүрөт. Маселен, трикотаж буюмдарын чыгаруудагы Кыргызстандагы лидер компания болгон “Текстиль Транс” ишканасы Чүй облусунун Панфилов районунда тарыхта биринчилерден болуп 500 гектардан ашык аянтка пахта айдады. Анын 30 гектары органикалык пахта экен. Ишкана толук пайдаланылбаган же иш жүзүндө пайдаланылбаган жаан-чачындуу жерлерди өздөштүрүү үчүн сугат булактары жок кургак жерлерди атайын тандап алышыптыр. “Жыргагандан жылкычы болуптурмунбу” дегендей, бул ишканада дагы атамекендик сырьену пайдаланууну көздөшкөнү кубандырат.

Таң калычтуу жагдай, бирөө “ак алтынын” сата албай жүрсө, бирөө пахта сырьесуна муктаж болуп дың жерлерди өздөштүрүп жүрөт. “Текстиль Транс” компаниясынын суроо-талабына жооп бере турган пахтанын үрөнүн пахта өстүргөн аймактарга таратып, ишти координациялоого Айыл чарба министрлигинин акылы жетпейби? Же алардын милдетине кирбейби? Ансыз деле дыйкандар пахта эгип, жылдап продукциясын сата албай жүрбөйбү! Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын “Акчабар” порталына берген маалыматы боюнча  Жалал-Абад облусунан 86,4 тонна, анын ичинде пахта буласы (40,2 тонна) Латвияга экспорттолуптур. Калган миңдеген тонна пахта буласы былк этпей турат. “Текстиль Транс” ишканасын дыйкандар сырье менен камсыз кылып турса, атамекендик өндүрүш алга жылып, фермер-дыйкандар Лондон биржасындагы баа болбосо дагы, жыл башындагы баа менен товарын сатып, көңүлү курсант болот эле да. Эмне үчүн бир мамлекетте турган дыйкан менен өндүрүш өз арбайын өзүнчө тартышы керек? Элдин салыгынын эсебинен чалкалап креслодо олтурган чиновниктер неге унчукпайт? Азыр фермер-дыйкандар кредитке муктаж эмес. Дыйкан-фермерлер, “быйыл күздө пахтанын килосу паланча сом болот, паланчага сатып беребиз” деген Айыл чарба министрлигинин убадасына зар. Экспортко чыгарууга  жол таап берүүсүнө үмүт артышууда.

Шекербек КАЛЫКОВ

№77 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 26-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!