"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Ак-Бейит жана Түз-Бел ашууларына кар жаады

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнь күнү Ат-Башы районунда жайгашкан Ак-Бейит жана Түз-Бел ашууларына кар жаап, жолду кардан тазалоо жана кеңейтүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликке караштуу №957 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 472–544-чакырымдарында иш жүргүзүүдө.

Жолчулар тарабынан жол каттамын камсыздоо максатында кар тазаланып, зарыл учурларда тайгалакты алдын алуу үчүн инерттик материалдар чачылууда.