"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ак-Босого конушунда убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкекте суу түтүктөрүн жана “Ак-Босого-1”, “Ак-Босого-2” суу топтомолорун оңдоого байланыштуу 30-октябрда Ак-Босого конушунда суу берүү убактылуу токтотулат.

Шаардык мээриянын маалыматына караганда, суу саат 9:00дөн 20:00гө чейин өчөт. Бул убакыт аралыгында №81 орто мектебинде, №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, №2 «Алтынай» бала бакчасында, №15 жергиликтүү милиция бөлүмүндө жана №16 МАБда суу болбойт.